Гафуров Бобожан Гафурович

Википедия дан

Гафуров Бобожан Гафурович (31.12.1908, Хожент району, Исписар кыштагы 12.7.1977, Дүйшөмбү) коомдук ишмер, чыгыштаануучу, тарыхчы. Тажик ССР ИАнын академиги (1951), СССР ИАнын академиги (1968), корр. мүчөсү (1958). Тажикстандын илимине эмгек сиңирген ишмери (1967). 1931-35-ж. Москвадагы Бүткүлсоюздук коммунисттик журналистика инстититутунда окуган. 1936-жылдан Тажикстан КП(б) БКнын аппаратында инструктор, басма бөлүмүнүн, маданий агартуу секторунун башчысы, пропаганда жана агитация боюнча секретары, 1944-46-ж. Тажикстан КП БКнын экинчи секретары, 1946-жылдан биринчи секретары болуп шайланат. 1942-48-ж. СССР ИАнын Тажик филиалында тарых, тил жана адабият инстититутунда тарых секторун жетектеп турган. 1956-77-ж. СССР ИАнын Чыгыштаануу инстититутунун (Москвада) директору. Эмгектери негизинен тажик элинин тарыхына арналган. «Таджики. Древнейшая, древняя и средневековая история» (1972)монографиясында Орто Азия аймагында алгачкы адамдар коомунун пайда болушунан 18-кылымдын орто ченине чейинки мезгил изилденип, тажиктердин, башка ортоазиялык элдердин Чыгыштын башка элдери менен тарыхый байланышы кеңири каралган. Гафуров Чыгыштын атактуу акындары, ойчулдары, окумуштуулары Калидаса, Фараби, Фирдоуси, Бируни, Ибн Сина, Дехлеви, Гуру Нанак, Насими, Асири, Иклаба жана башка жөнүндө китептер жазган. Анын «Александр Македонский жана Чыгыш» деген эмгегинде Чыгыш-Батыш проблемасынын жаңы аспектилери талкууланып, эллиндик цивилизациянын чыгыштык компоненттери ачылып берилет, антикалык дүйнөнүн маданиятынын өзара таасири жана синтези чагылдырылат. Анын активдүү колдоосу жана башкы редакциялык коллегияга төрагалыгы астында эң көрүнүктүү чыгыштаануучу акад. В. В. Бартолъддун эмгектеринин толук жыйнагынын басылышы ишке ашкан. Гафуров жетектеген инстититут чыгыштаануунун дүйнөлүк мааниге ээ ири борборуна айланган. СССР Жогорку Советинин (1946-62, 1966-70) депутаты болгон. 6 Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери, медалдар менен сыйланган. Эмгектери: История таджикского народа. 3 изд. М., 1955; Кушанская эпоха и мировая цивилизация. М., 1968; Таджики. Древнейшая, древняя и средневековая история. М., 1972; Ал-Фараби в истории культуры. М., 1975; Александр Македонский и Восток. М., 1980; Гафуров Б. Г. Избранные труды. М., 1985. Адабият: Б. Г. Гафуров. Библиография. Душ., 1969. Ч. Жумагулов.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]