Гвинет Пэлтроу

Википедия дан
Gwyneth Paltrow (2011)

Гвинет Кейт Пэлтроу (англ. Gwyneth Paltrow;/ Ɡwɪnᵻθ pæltroʊ /, 1972-жылы туулган) - америкалык актриса, ырчы, жана азык-түлүк темасы тууралуу жазган жазуучу. Ал "Жети" (англ. Seven, 1995) жана "Эмма" (англ. Emma, 1996) тасмаларына тартылып, көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзүнө бурган. "Эшик жабылат, абайлаңыз" (англ. Sliding Doors, 1998) жана "Кынтыксыз өлтүрүү" (англ. A Perfect Murder, 1998) тасмаларына катышкан соң, "Ашык болгон Шекспир" (англ. Shakespeare in Love, 1998) тасмасындагы ролу ийгиликтүү болуп "Оскар" сыйлыгына, "Алтын глобус" сыйлыгына жана АКШ киноактерлор Гильдиясынын эки сыйлыгына татыктуу болгон Г. Пэлтроу "Таланттуу Рипли мырза" (англ. The Talented Mr. Ripley, 1999), "Тененбаумдардын үй-бүлөсү" (англ. The Royal Tenenbaums, 2001), "Акылсыз Хэл" (англ. Shallow Hal, 2001) тасмаларында башкы жана эпизоддогу ролдорду ойногон. Актриса "Далил" (англ. Proof, 2005) тасмасындагы ролу үчүн "Алтын глобус" сыйлыгынын номинациясына талапкер болгон.

2008-жылдан баштап актриса "Темир Адам" (англ. Iron Man, 2008), "Темир адам 2 " (англ. Iron Man 2, 2010), "Өч алуучулар" (англ. The Avengers, 2012) жана "Темир адам 3 " (англ. Iron Man 3, 2013) тасмаларында Пеппер Поттстун образын жараткан. 2011-жылы актрисанын "Ыр" (англ. Glee) телесериалында ушул жанрдагы биринчи жана жалгыз ролу - Холли Холидейдин образын жараткан. Бул эмгеги жогору бааланып, "Комедия сериалына чакырылган эң мыкты актриса" деген номинацияда праймтаймдык "Эмми" сыйлыгын алган. Сериал бүткөнгө чейин актриса ал ролун кайталап ойноп турган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]