Генрих Гейне

Википедия дан
Генрих Гейне (1831)
Reisebilder, 1831

Генрих Гейне (13. 12. 1797, Дюссельдорф 17.2.1856, Париж) немис акыны, публицист, сынчы. Берлин университетинде окуган. 1831-ж. Францияга келип, өмүрүнүн акырына чейин саясий эмигрант катары жашаган. Чыгармалары 1820жылдан жарыялана баштаган. Алгачкы ырлары «Ырлар китебине» (1827) кирген. «Атта Троль» (1843), «Германия. Кышкы жомок» (1844) аттуу поэмаларында жана кара сөз менен жазылган «Жол сүрөттөрүндө» (1826-31) рев-ячыл, демокр. идеялар чагылдырылып, реалисттик тенденциялар басымдуулук кылат. «Франция иштери» (1832), «Лютеция» (1847), «Людвиг Бёрне» (1840) аттуу чыгармаларында Франциядагы саясий жагдайларга өз көзкарашын билдирген. «Француз сүрөтчүлөрү» (1831), «Француз сахнасы тууралуу» (1837) деген каттар жыйнагы аркылуу сынчы, «Ырлар» (1844), «Аңыз, жомок, ырлар» (1965), «Лирика» (1971) аттуу чыгармалары аркылуу мыкты сүрөткер катары таанылган. 1851-ж. Гейненин чыгармачылыгында олуттуу орун ээлеген «Романсеро» деген китеби жарыкка чыккан. Гейненин чыгармаларын орус революциячыл демократтары жогору баалаган. Фашисттик Германияда гитлерчилер улуу акындын чыгармаларын өрттөшкөн. Гейненин көп ырларына Ф. Шуберт, Р. Шуман, Ф. Лист, П. И. Чайковский жана башка композиторлор музыка жазган. Гейненин лирикалык ырлары, айрым поэмалары кыргыз тилине которулган. Адабият: Стадников Г. В. Г. Гейне. М. 1984.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]