Герасимов Сергей Васильевич

Википедия дан
Сергей Герасимов (солдон)

Герасимов Сергей Васильевич [14 (26). 9. 1885, Россия империясы, Москва губерниясы, Можайск — 20. 4. 1964, СССР, Москва шаары] — живописчи, СССР эл сүрөтчүсү (1958), искусствотаануу илимдеринин доктору (1956), СССР көркөм сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1947). Борбордук Строганов көркөм сүрөт искусствосу окуу жайында (1901-07), Москва живопись, ийчилик жана зодчество окуу жайында (1907-12) окуган. Москванын жогорку көркөм сүрөт окуу жайларында, полиграфия институтунда сабак берген. 1958-64-ж. СССР сүрөтчүлөр союзунун башкармасынын биринчи секретары. Жаңы турмуш жолуна түшкөн дыйкандардын турмушунан алып бир нече портрет жана жанрдык сүрөт тарткан («Короз кармаган дыйкан аял», 1924; «Фронтовик», 1926; «Сибирь партизандарынын анты», 1933; «Колхоз майрамы, 1937). Белгилүү пейзаждык чыгармалары: «Кыш», 1939; «Муз эриди», 1945; «Можайский пейзаждары» сериясы, 1954-64 (баары Третьяков галеерясында). Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде тарткан «Партизандын энеси» (1943), согуштан кийин жараткан «Совет бийлиги үчүн» (1957) деген сүрөттөрү анын маанилүү эмгектеринен. Н. А. Некрасов, А. М. Горький ж. б. жазуучулардын чыгармаларын иллюстрациялаган. Лениндик сыйлыктын лауреаты (1966). Ордендер жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]