Гилельс Эмиль Григорьевич

Википедия дан

Гилельс Эмиль Григорьевич - [6 (19). 10. 1916, Одесса – 1985, Москва) – CCCP эл артисти (1954), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1976). 1935-ж. Одесса консерваториясын, 1938-ж. Москва консерваториясынын жогорку чеберчилик мектебин бүткөн. 1929-ж. пианист катары алгачкы концертин берген. 1938-жылдан Москва консерваториясында окутуучу, 1952-жылдан профессор Э. Г. Гилельс 20-кылымдын эң мыкты пианисттеринен. Анын аткаруучулук өнөрү эмоциялуулугу, виртуоздуулугу менен айырмаланат. Ал пианисттердин эл аралык конкурстарынын жеңүүчүсү (Вена, 1936, 2-сыйлыгынын Брюссель, 1938, 1-сыйлыгынын). CCCP мамлекеттик (1946), Лениндик сыйлыктардын (1962) лауреаты. Үч Ленин, башка орден жана медалдар менен сыйланган[1].

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Jean-Pierre Thiollet, 88 notes pour piano solo, "Solo nec plus ultra", Neva Editions, 2015, 50. ISBN 978 2 3505 5192 0.