Фёдор Гладков

Википедия дан
Гладков, Фёдор Васильевич‎»‎ барагынан багытталды)

Гладков, Фёдор Васильевич [9(21). 6. 1883—20. 12. 1958] — орус совет жазуучусу.

1920-жылдан КПСС мүчөсү. Алгачкы аңгемеси 1900-ж. жарыяланган. «Цемент» (1925) романында жумушчу табынын кажыбас эмгегин, Компартиянын жетекчилик ролун даңазалап, коммунисттердин образын түзгөн. Бул романды М. Горький жогору баалаган. 1932-ж. «Чакан трилогия» сатиралык аңгемелер жыйнагы чыгат. Гладков «Ант» (1944) повестинин, согуштан кийин «Бала чак жонундо повесть» (1949; СССР мамлекеттик сыйл. 1950), «Эрктуу кыз» (1950; СССР мамлекеттик сыйл., 1951), «Машакаттуу мезгил» (1954) автобиогр. трилогиянын автору.

Ал 2 Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.