Гомель

Википедия дан
Гомель.

ГомельБеларуссиянын түштүк-батышындагы шаар. Гомель областынын администрациялык борбору. Сож дарыясындагы порт. Калкы 512 миң (1996). Темир жол тоому. Машина куруу (станок, айыл чарба машиналары, прибор ж. б.), металл иштетүү, жыгаччылык, химиялык, тамак-аш, жеңил өнөр жай ишканалары иштейт. Беш ЖОЖ (анын ичинде университет), 2 театр (драма, куурчак), мекен таануу музейи бар. 1142-жылдан белгилүү. 1335-жылдан Литванын, 1589-жылдан Польшанын, 1772-жылдан Россия империясынын курамына кирген. Румянцевдер менен Паскевичтердин классицизм стилиндеги сарайы (18-кылым), Ильинский чиркөөсү (18-кылымдын аягы; жыгачтан салынган), Пётр жана Павел собору паркы менен (1809) сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Беларусь-stub