Григорий Распутин

Википедия дан

Распутин Григорий Ефимович [9(21). 1. 1869, Тобольск губерниясы, Тюмень уезди, Покров айылы – 16(29). 12. 1916, Петроград] – падыша Николай IIнин жана анын аялы Александра Фёдоровнанын фаворити, саясий авантюрист. Тобольск губерниясынын дыйкандарынан чыккан. Жаш кезинде көп ооруп, Россиянын ыйык жерлерин, Грециянын Афон тоосун жана Иерусалимди жөө кыдырып чыккан. Дин кызматкерлери, кечилдер жана саякатчылар менен кездешип, пикир алмашкан. 1900-жылы Петербургга көчүп келип, өзгөчө чөйрөлөрдө көзү ачык, табып, акылман карыя, кудайдын кишиси катары таанылган. Падышанын саясий жана аскердик чечимдерине таасир тийгизип турган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]