Гүлстан сарайы

Википедия дан

Гүлстан хан сарайы (کاخ کلستان)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Зенддер жана Кажарлар дооруна таандык Гүлстан сарайы, Тегеран шаарынын борбордук бөлүгүнөн орун алган. 440 жылдык тарыхы бар ал сарай Ирандын эң уникалдуу тарыхый комплекси болуп саналат. Жогоруда айтылган сарай Сефевиддер доорунан азыркы заманга чейин бир канча негизги өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Гүлстан сарайынын алгачкы курулушу негизинен шах Аббас Сефевиддин дооруна таандык жана шах Тахмасп аркылуу төрт бакча, андан соң шах Сулайман Сефевид аркылуу сот имараты курулган, аталган тарыхый курулуштар азыркы доорго чейин талкаланып жок болгон. Сарайдагы азыркы заманга дейре сакталып калган тарыхый курулуштардын көп бөлүгү Зенд дооруна таандык. Гүлстан сарайы 2013-жылы 22-июнда ЮНЕСКО бүткүл дүйнөлүк мурастар уюмунун комитетинин мүчөлөрүнүн 37-жыйынында Камбожа өлкөсүндө, ажайып тарыхый мурас катары ЮНЕСКОго катталган.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гүлстан сарайын жана анын айланасындагы курулуштарды таану үчүн, шах Аббас Сефевиддер дооруна барып такалган Гүлстан сарайынын тарыхы (988-жыл ислам жылнамасы менен), Пьетро делла Валленин Тегеран шаарына болгон сапарындагы падыша сарайы тууралуу баяндоолору, азыркы учурдагы Карим хан Зенддин заманын жана ир. жылнамасы менен 1173-1180-жылдарга чейинки салынган сот үйүн изилдөөдөн баштасак туура болот. Чындыгында Ага Мухаммад хан Кажар доорунун орду аябай чоң. Ал Зенд доорунун акырында жана Карим хандын (ир.ж 1192-жылы) өлүмүнөн соң ички каатчылыкка байланыштуу өлкөнүн борбор шаарын Гурган аймагынан Альбурз тоо кыркасынын түштүк этегине, Тегеран аймагына көчүрүп келген. (Лорд Карзан өзүнүн Иран жана Иран таржымалы китебинде Тегерандын Ага Мухаммед хан тарабынан борбор шаар болуп тандалышын, мал мүлкүн жана сарайын Гурган шаарынан алып барганы Орус таасиринен алыс болушун негизги фактор катары караган.) Ага ир.ж.1209-жылы Мухаммад хан Лутф Али Зенд ханын Шабан аймагынан жеңген соң, Тегеранга кайтып келип ир.ж. 1210-жылы Нооруз күнү салтанаттуу түрдө таажы кийип тактыга олтурган. Ага Мухаммад хандын мындай салтанаттуу чарасы, сарайдын даңазасынын көтөрүлүшү, анын так ушул шаардан таажы кийиши (1797-жыл) Гүлстан сарайынын өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө чоң таасир тийгизген. Насир ад Дин Кажар шахы Гүлстан сарайын 49 жылга жакын башкарыпт турган учурда Европага 3 ирет сапар кылган (1290, 1295 жана 1306-хижрий жылдары) ал Иран падышасы болгондуктан, Европадан таасир алып, сарайда толук жаңы өзгөртүүлөрдү жасаган. Кажар династиясынын акыркы үч падышасынын доорунда (Музаффар ад Дин шах, Мухаммад Али шах жана Ахмад шах Кажар) династиянын кулашына чейин, бул сарай архитектуралык жактан өзгөрүүлөргө дуушар болгон эмес, бирок негизги саясий окуялар анын ичинде конституциялык көтөрүлүш жана анын кесепеттери сыяктуу тарыхый өзгөрүүлөргө бай болгон. Салтанатту сарай, Кажар династиясынын кулашынан кийин, жаңы Пахлави династиясынын түптөлүү заманында, Пахлави I жана Пахлави II башкаруу доорунда бир катар орунсуз өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Гүлстан сарайы азыркы учурда 5/4 гектар (алгачкы курулуш аянтынын 1/3 бөлүгү) аймакта Тегеран шаарынын бир бөлүгүн түзөт, ал эми сарайдын айланасы толук бойдон жаңы имараттар менен куурчалган.

Дүйнөлүк катталуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гүлстан сарайы 23-июнь 2013-жылы ЮНЕСКО бүткүл дүйнөлүк мурастар уюмунун комитетинин Камбожа мамлекетинде өткөн 37-жыйынынын негизинде бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмегинде катталган. 2007-жылы ЮНЕСКО уюмуна жиберилген документтер ЮНЕСКО бүткүл дүйнөлүк уюмунун адистери аркылуу 37-жыйынында кабыл алынып Ирандын 16-тарыхый курулушу катары катталды.

Сарайдагы сакталып калган курулуштар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Шамс ул Имара (күн имараты)
  • Даңк залы
  • Айнек залы
  • Мрамор тактысынын балкону
  • Мрамор тактысы
  • Жазгы үй
  • Абяз сарайы
  • Каримхани курулушу
  • Шамаал имараты
  • Аж залы
  • Алмаз залы
  • Бриллиант залы
  • Шамаал имаратынын жазгы үйү
  • Сарайдын аймагында курулган байыркы курулуштар(оңдоо)
  • Кире бериш имараты
  • Насиринин уктоо бөлмөсү
  • Хакан Магфур залы
  • Чыгуу имараты
  • Сандыккана жана падыша бөлмөсү
  • Такиеи Дулат
  • Сарайда болуп өткөн тарыхый окуялар(оңдоо)
  • Кажар падышаларынын таажы кийүү аземдери, мисал катары, Ахмад шахтын мрамор тактысынан таажы кийиши
  • Музаффар ад Дин Кажар шахынын шамаал имаратынан таажы кийүү аземи
  • Шахтын катышуусу менен Гулистандын бриллиант бөлмөсүндө биринчи жыйындын ачылышы
  • Такиеи Дулат бөлмөсүндө Кажар династиясынын жоюлушу жана Пахлави династиясынын түптөлүшү
  • Мрамор тактысындагы Реза шахтын алгачкы белеги
  • Атак залында Реза Пахлавинин таажы кийүү аземи
  • Мухаммад Реза Пахлавинин таажы кийүү аземи
  • Сарайда жашаган шахтардын ысымдары (өзгөртүү)
  • Ага Мухаммад хан Кажар
  • Фатх Али шах Кажар
  • Мухаммад шах Кажар
  • Насир ад Дин шах Кажар
  • Музаффар ад Дин шах Кажар
  • Мухаммад Али шах Кажар
  • Ахмад шах Кажар

Ошондой эле[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Эрге Тегеран
  • Илимдер академиясы
  • Тупкана майданы
  • Насир Хусру көчөсү

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Гүлстан сарайынын расмий сайты
  • Гүлстан сарайы ЮНЕСКОнун расмий сайтында
  • Гүлстан сарайларынын маанилүү көчүрмөлөрү
  • Гүлстан сарайынын көчүрмөсү
  • Гүлстан сарайынын спутниктен көрүнүшү

http://whc.unesco.org/en/news/1047/

маданият, архитектура