Элеонора Дузе

Википедия дан
Дeзе Элеонора‎»‎ барагынан багытталды)
Eleonora Duse (1896)

Дeзе Элеонора(3. 10. 1858, Италия , Вижевано – 21. 4. 1924, АКШ, Питсбург) – италиялык актриса. Атасы Алессандро Дузе Италиянын шаарларын кыдырып жүргөн чакан труппанын актёру болгон. Дезе сахнада 4 жашынан ойной баштап, алгач Гюгонун «Четке кагылгандар» спектаклинен Казеттанын ролун аткарган. 15 жашында Жульеттанын ролун зор ийгилик менен ойногон. Неаполдогу Фьорентини театрынын сахнасында Тереза Ракендин (Золянын повести боюнча, 1879) ролу Дезеге олуттуу атак алып келген. 1887-ж. өз труппасын уюштурган. Дезе Италияда көрүнүктүү актриса катары таанылган жана Батыш Европа, Түштүк Америка өлкөлөрүндө, Египетте гастролдору зор ийгилик менен өткөн. 1891–92-ж. жана 1908-ж. Россияда Дезенин өнөрүн орус маданиятынын көрүнүктүү ишмерлери А. П. Чехов, И. Е. Репин, К. С. Станиславский, В. И. Немирович-Данченко жана башка жогору баалашкан. Мыкты ролдору: Маргарита Готье (Дюма-уулу, «Камелия кармаган аял»), Сантуцца (Верга, «Айылдык урмат-сый»), Эмма (Жакоза, «Көңүлсүз сүйүшкөндөр»), графиня Евгения, Юлия (Праг, «Сүйгөн аял», «Үлгүлүү зайып») жана башка Өмүрүнүн акырында орус адабияты жана искусствосу тууралуу жазган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1