Давыдов Денис Васильевич

Википедия дан

Давыдов Денис Васильевич (16 (27). 7. 1784-22. 4(4. 5). 1839) - 1812-жылдагы Ата Мекендик согуштун баатыры, аскердик жазуучу жана акын, ген лейтенант (1831).

  • Дворян аскер үй-бүлөсүнөн.
  • 1801-жылдан аскердик кызматта.
  • Франция (1806-07), Швеция (1808- 09) жана Түркия (1809-12) менен болгон согуштарга катышкан.
  • Болочок декабристтер-М. Ф. Орлов, Ф. Н. Глинка, А. А. Бестужевдер менен жакындашкан.
  • 1823-ж. корпустун штаб начальнигинин кызматында отставкага чыккан.
  • 1826-27-ж. кайрадан Кавказда кызмат кылган.
  • 1830-31-жылдагы поляк көтөрүлүшүн басууга катышып, 1832-ж. отставкага чыккан.

Давыдов бир катар тарыхый чыгармаларды, ырларды жазып, «гусардык лирика» жанрын өнүктүргөн

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.