Роберт Даль

Википедия дан
Даль, Роберт Алан‎»‎ барагынан багытталды)
Robert Dahl

Даль, Роберт Алан(англ. Robert Dahl. Бештин айынын 17-күнүдө 1915 жылы туулган) – америкалык саясат таануучу. Бүгүнкү саясий илимдеги оригиналдуу жана таасирдүү инсан. Плюралисттик демократия теориясын негиздөөчүлөрдүн бири. «Демократия теориясына киришүү» (1956), «Батыш демократияларындагы саясий оппозициялар» (1966), «АКШдагы плюралисттик демократия» (1967) ж. б. кеңири белгилүү эмгектеринде Даль демократиянын өбөлгөлөрү, эркиндик, теңдик жана демократия түшүнүктөрүнүн өз ара катнашы, саясий системалардын өзгөрүш көйгөйлөрүн караган. «Полиархия, катышуу жана оппозиция» (1971), «Демократия, эркиндик жана теңдик» (1986) эмгектеринде Даль өзүнүн полиархия теориясын кенен ачып берет. Ал полиархиянын беш түрдүү аныктамасын көрсөтөт.

Биринчиден, башка режимдерден өзүнүн эки мүнөздүү белгиси менен: оппозицияга карата салыштырмалуу өтө жогорку чыдамкайлык жана кызматтагы адамдарды түшүнүүнүн тынчтык каражаттарын пайдалануу менен жүрүшү аркылуу айырмаланган бүгүнкү мезгилдеги мамлекетти башкаруунун демократтык режимдин өзгөчө тиби.

Экинчиден, полиархия улуттук мамлекеттерди демократташтыруунун жыйынтыгы катары. Үчүнчүдөн, полиархия демократтык процесстер үчүн зарыл керек болгон саясий институттардын түзүлүшү катары. Төртүнчүдөн, бийлик үчүн болгон саясий элиталардын ачык атаандаштыгынын аркасында жүргүзүлгөн башкаруучунун саясий системасы катары. Бешинчиден, полиархия белгилүү бир укуктар жана корголгон укуктар системасы катары.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8




[[kk:Даль Роберт Алан