Данила Козловский

Википедия дан
Данила Козловский
Козловский Данила Валерьевич
Туулган датасы:

3 -май 1985(1985-05-03) (38 жаш)

Туулган жери:

Москва , РСФСР, СССР (Орусия)

Жарандыгы:

 Орусия

Кесиби:

актёр

Карьерасы:

1999 — азыркы учурда

Сыйлыктары:

«Алтын бүркүт» (2013)
«Ника» (2016)

IMDb:

ID 1572716

Данила Валерьевич Козловский (3-май 1985-жыл, Москва) — Орусиялык актёр.

"Чырактары сынган көчөлөр. Менттер-5", "Духless", "Легенда №17" жана башка бир нече тасмаларда роль жараткан актёр, Орусиянын Эмгек сиңирген артисти (2018)[1][2]. Москва мамлекеттик маданият институтунун профессору

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Данила Козловский 1985-жылы 3-майда Москвада төрөлгөн[3], толук кандуу үй-бүлөдө чоңойгон эмес. Атасы — Валерий Иванович Козловский (төр. 1946) каза болуп калганда келечектеги актёрду жана анын 2 бир тууганын багып-чоңойтуу милдети апасы — Надежда Николаевна Звенигородская (төр. 26 июля 1951)[4] жүктөлөт. Актёр бала кезинде тентектигинин айынан бир нече мектептен айдалып, балет лицейинен да келечеги жок деген жүйө менен четтетилген.

13 жашында аяш энесинин сунушу менен "Жөнөкөй чындыктар" ("Простые истины") сериалында өспүрүмдүн ролун ойноп, актёрдук тушоосу кесилет. Кийин атактуу режиссёр Алексей Германдын көзүнө түшүп, карьерасында чоң бурулуш башталат. Аталган режиссёрдун "Гарпастум" тасмасында Козловский башкы каармандын ролун жакшы жаратканы үчүн Венеция кинофестивалында "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү" наамына арзыйт.

2009-жылы Фёдор Бондарчуктун "Духless" тасмасында акчасын жыргал жашоого короткон топ-менеджер Максимдин ролун ойнойт. Көптү үмүттөндүргөн актёр экенин далилдеген Данила Козловскийге Голливуд жол ачып, 2014-жылы америкалык "Кан соргучтар академиясы" фильмине тартылган.

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Санкт-Петербург дагы театралдык окуу жайда окуп жүргөндө Даниланын көзү Лиза Боярскаяга түшүп, жаштар кыз-жигит болуп сүйлөшө башташкан. Бирок кыздын атасы актёр, ырчы Михаил Боярский бул мамилеге каршы чыгып, “Данила бутуна тура элек” деп сүйлөштүрбөй койгону айтылып келет.

2008-жылы Данила актриса Уршула Малкага үйлөнгөнү маалым болот. Бирок достору “Данила Лизага көрүнүш үчүн эле үйлөндү” деп айтып чыгышат. 2011-жылы Данила менен Уршула ажырашып кетет. “Мен үчүн жубай эч качан мурунку болбойт. Уршула жашоомдун акырына чейин жакын адамым бойдон калат. Ал жашоодо сейрек кездешкен чыныгы аял. Ажырашкандан кийин да бири-бирибизге болгон жылуу мамилени сактап калдык. Бат-баттан чалышып, кезигип турабыз” - деп айтканы бар.

Бул никеден кийин актрисалар Анна Чиповская, Юлия Снигирь, модель Ольга Зуева менен мамиле курганы маалым. “Көптөн бери самап жүргөн унаанын өңүн, түзүлүшүн сүрөттөсө болот. Бирок кыялымдагы кызды сүрөттөп берүү кыйын. Эң башкысы, ал кызда өзгөчөлүк болушу керек”, - дейт ал.

Эскермелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Указ Президента Российской Федерации В. Путина от 2 марта 2018 года № 93 «О награждении государственными наградами Российской Федерации». Официальный сайт Президента РФ // kremlin.ru
  2. Боярская и Козловский стали заслуженными артистами РФ. Информационное агентство России «ТАСС» // tass.ru (2 марта 2018 года)
  3. Данила Козловский. Заслуженный артист Российской Федерации (2018). Биография, роли в репертуаре, роли прошлых лет, награды, статьи. Официальный сайт Академического Малого драматического театра — Театра Европы в Санкт-Петербурге // mdt-dodin.ru. Текшерилген күнү 15 -февраль (бирдин айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 6 -июнь (кулжа) 2012.
  4. Danilakozlovsky в Instagram: «Сегодня 66 лет моей Маме. Это фотография сделана несколько часов назад. Я тебя очень люблю. Как же нам, твоим сыновьям везёт, что ты есть в…» (орус.). // instagram.com (26 -июль (теке) 2017). Текшерилген күнү 8 -май (бугу) 2018.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]