Александр Даргомыжский

Википедия дан
Даргомыжский Александр Сергеевич‎»‎ барагынан багытталды)

Даргомыжский Александр Сергеевич [2(14). 2. 1813, Тула губерниясы, Белёвск уезди, Троицк кыштагы – 5(17). 1. 1869, Петербург] – орус композитору, музыка сын реализминин ири өкүлү. Бир катар чыгармаларында («Картаң капрал», «Курт», «Титулярдык советник») коомдук теңсиздикти ашкерелеген. Элдин турмуш-тиричилигин чагылдырган лирикалык, декламациялык-речитативдик драмалардын жаңы түрлөрүн жараткан. Даргомыжский орустун Глинка баштаган улуттук классикалык музыка мектебинин элдик-реалисттик талаптарын өнүктүрүп, жаңы табылгалар менен байыткан. Белгилүү чыгармалары: «Эсмеральда» (В.Гюгонун романы боюнча, 1841), «Суу периси» (1855), «Таш конок» (1866, экөө тең А. С. Пушкиндин чыгармалары боюнча) жана башка опералар. Даргомыжский симфоника оркестр үчүн «Жезкемпир» аттуу тамашалуу фантазияны (1862) жана «Чухон фантазияларын» (1867), фортепьяно үчүн пьесаларды, вокалдык квартеттерди, 100гө жакын романс, ырларды жазган. Даргомыжскийди Мусоргский музыкадагы чындыктын окутуучусу деп атаган. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында «Эсмеральда», «Суу периси» жана башка опералары коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия