Дафна дү Море

Википедия дан
Дафна дү Море.

Дама Дафна дү Море, Леди Брауниң (англ. Dame Daphne du Maurier, Lady Browning; 1907-жыл 13-май — 1989-жыл 19-апрель) — англиялык жазуучу жана драматург болгон.

Ал романтикалык жазуучу деп аталса да анын аңгемелери салтка айланган бактылуу аяктоолорду сейрек чагылдырат жана алар адаттан тыш кубулуштардын четин чыгарган "маанайсыз жана жаңырыктуу" деп сүрөттөлгөн. Бул бестселлер чыгармалар адегенде сынчылар тарабынан олуттуу кабыл алынган эмес, бирок ошондон бери жомок айтуу өнөрчүлүгү үчүн туруктуу кадыр-баркка ээ боло алган. Көпчүлүк чыгармалары ийгиликтүү түрдө тасмага ылайыкташтырылган. Анын ичинен "Ребекка" (англ. Rebecca), "Жээним Рэйчел" (англ. My Cousin Rachel), "Ямайка мейманканасы" (англ. Jamaica Inn) романдарын, "Чымчыктар" (англ. The Birds) жана "Азыр караба/Түн ичинде эмес" (англ. Don't Look Now/Not After Midnight) аңгемелерин атоого болот.

Дү Море өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн Корнуоллдо жашап өткөргөн жана чыгармаларынын көпчүлүгү да ошол жердеги окуяларды чагылдырат. Романдары жана алардын негизинде тасмалар жарык көрүп, анын натыйжасында атактуулугу өскөн сайын ал өзү жалгыз обочолонуп жашоого көбүрөөк басым жасай баштаган.

Анын атасы Жералд дү Море актер жана менеджер жана апасы Муриел Бемонт сахна актрисасы болушкан. Анын чоң атасы Жорж дү Море карикатурист жана жазуучу болгон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]