Дрeцэ Ион Пантелеевич

Википедия дан

Дрyцэ Ион Пантелеевич (13. 9. 1928-ж. туулган) – Молдаван эл жазуучусу (1988), Молдаван ССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1967). СССР Жазуучулар союзунун жогорку адабий курсун бүтүргөн (1956). Чыгармалары 1950-жылдан жарыялана баштаган. «Биздин кыштакта» (1953), «Адамдарды сагынуу» (1959) аңгеме жыйнактарынын, «Кайгы жалбырактары» (1957), «Күздүн акыркы айы» (1964), «Журтуна кайтып келүү» (1972) повесттеринин, «Каса маре» (1960; 1961-ж. коюлган), «Дойна» (1971), «Жаштык ынтаасы» (1972), «Ыйыктын ыйыгы» (1976) пьесаларынын, «Мээримдүүлүгүбүз көтөргөн түйшүк» (1968) деген романдын автору. Дрyцэ чыгармаларында адамдардын рухий байлыгын, мыкты сапаттарын чагылдырган. Чыгармалары чет тилдерге которулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]