Дуа Липа

Википедия дан
Дуа Липа
Dua Lipa
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Туулган датасы

22 -август 1995(1995-08-22) (28 жаш)

Туулган жери

Лондон, Англия

Өлкө

 Улуу Британия

Кесиптери

ырчы, ырлардын автору, фотомодель

Жанрлары

Поп, инди-поп, дрим-поп, синтипоп, R&B, дарк-поп

Активдүү жылдары

2014 — азыркы учурда

Жамааты

Dua Lipa Limited, Warner Bros. Records

Автографы

[[Файл:Lua error in Модуль:Wikidata/media at line 33: attempt to concatenate local 'value' (a nil value).|80px}}]]

www.dualipa.com

Ду́а Ли́па (англ.  жана алб. Dua Lipa; 22-август 1995, Лондон, Англия) — британиялык ырчы, ырлардын автору жана модель, теги косоволук албандар. Дуанын музыкалык мансабы 14 жашында, YouTube сайтына Кристина Агилера менен Нелли Фуртадонун ырларына кавер жаздыргандан башталган. 2015-жылы ал Warner Bros. Records менен контракт түзүп, алгачкы ырын чыгарган. 2016-жылы The Fader журналынын колдоосу менен ырчы жөнүндө See in Blue аттуу документалдуу тасма тартылган. 2017-жылы январь айында ырчы EBBA Public Choice Award сыйлыгна ээ болгон. 2017-жылы 2-июньда ырчынын ысымына аты уйкаш альбомунун релизи болгон. Альбомдон тышкары жети ыр чыккан, алардын ичинен эки ыр, «Be the One» жана «IDGAF», британиялык чарттарда тез арада ийгилик жараткан. Британияда (UK Singles Chart) биринчи орунга ээ болгон «New Rules» ыры, АКШнын чарттарында алтынчы орунга чейин жеткен. 2018-жылы февраль айында Дуа Brit Awards'дун British Female Solo Artist жана British Breakthrough Act номинацияларында сыйлыктарга ээ болгон. Апрельде Келвин Харрис менен жаздырган «One Kiss» ыры UK Singles Chart чартында биринчи орунга жеткен.

Балалыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дуа Липа 1995-жылы 22-августта Лондон шаарында туулган. Анын ысымы «Дуа» албан тилинен «Мен сүйөм», «Мен каалайм», «Муктажмын» деп которулат. Дуанын ата-энеси — Косоволук этникалык албандар, Приштинадан 1990-жылдары көчүп кеткен. Липа Sylvia Young Theatre School мектебинде окуган. Ал өзүнүн атасы Дукагжина Липанын ырларын угуп өскөн. 2008-жылы Косово Сербиядан көз карансыздык алгандан кийин үй-бүлөсү менен Косового кайтышкан. Дуа 15 жашында музыкалык мансабын улантуу үчүн кайта Лондонго кетип, достору менен жашап баштаган. 16 жашында модельдик карьерасын баштаган.

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2018-жылы январь айында Липа жигити Пол Клейн менен кол үзгөнү тууралуу айтылган. Пол менен беш ай бирге болгон. Азыр Липа Айзек Кэрью менен мамиледе турат.

Кайрымдуулук[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2016-жылы жайында Дуа атасы менен бирге Sunny Hill Foundation фондун түзгөн. Бул фонд ата-энесинин мекени Косовонун жашоочуларына жардам берүүнү көздөйт.

Фильмография[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Телевидение
Жылы Аты Ролу Эскертүүлөр
2017 Sounds Like Friday Night Өзүн өзү ойнойт 1 сезон, 6 эпизод
2018 Saturday Night Live Музыкалык конок Натали Портман/Дуа Липа

Дискография[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Турлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хедлайнинг[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2016 UK Tour (2016)
  • Hotter Than Hell Tour (2016)
  • US/Europe Tour (2017)
  • The Self-Titled Tour (2017—2018)

Колдоодо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары жана номинациялары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жыл Уюм Сыйлык Номинацияга коюлган иши Жыйынтык
2016 BBC Sound of… 2016 Өзү Номинация
MTV Europe Music Awards Best Push Act
Popjustice £20 Music Prize Best British Pop Single «Hotter Than Hell»
2017 Eurosonic Noorderslag European Border Breakers Awards: United Kingdom Өзү Жеңиш
Public Choice Жеңиш
Best Newcomer of the Year Жеңиш
Brit Awards Critics' Choice Номинация
NME Awards Best British Female Artist Номинация
Best New Artist Жеңиш
SCTV Music Awards Young and Promising International Artist Жеңиш
Glamour Awards Next Breakthrough Жеңиш
Teen Choice Awards Choice Breakout Artist Номинация
BBC Radio 1’s Teen Awards Best British Solo Artist Номинация
Best Single «New Rules» Жеңиш
MTV Europe Music Awards Best UK & Ireland Act Өзү Номинация
Best New Act Жеңиш
Best Look Номинация
Telehit Awards Emerging Artist in Networks Номинация
UK Music Video Awards Best Pop Video — UK «New Rules» Жеңиш
VEVO Must See Award Номинация
BAMA Music Awards BAMA’s Best Video Номинация
Urban Music Awards Best Pop Act Өзү Номинация
BBC Music Awards Album of the Year Dua Lipa Номинация
The Beano Awards Pop Song of the Year «New Rules» Номинация
2018 Wish 107.5 Music Awards Wishclusive Performance of the Year by an International Artist «Blow Your Mind (Mwah)» Жеңиш
Global Awards[1] Best Song «New Rules» Номинация
Best Female Өзү Номинация
Rising Star Award Номинация
Best Pop Номинация
Brit Awards MasterCard British Album of the Year Dua Lipa Номинация
British Breakthrough Act Өзү Жеңиш
British Female Solo Artist Жеңиш
British Single of the Year «New Rules» Номинация
British Video Калып:Eliminated
Gaygalan Awards[2] International Song of the Year Номинация
iHeartRadio Music Awards[3] Эң мыкты музыкалык видео Номинация
WDM Radio Awards Best Bass Track «Scared to Be Lonely»

(Мартин Гаррикстин катышуусунда)

Жеңиш
Эң мыкты электрондук вокалист Өзү Жеңиш

Тиркемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Global Awards Vote Open. globalawards.com. Текшерилген күнү 20 -декабрь (бештин айы) 2017.
  2. Dags att nominera till QX Gaygala 2018! – QX. QX (1 December 2017).
  3. 2018 iHeartRadio Music Awards: See The Full List of Nominees, iHeartRadio (January 10, 2018).

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]