Душанбе

Отурукташкан жай
Дүйшөмбү
Герб
Герб
Өлкө Тажикстан
Координаттар 38°34′23″ с. ш. 68°47′11″ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү 4 район
Шаардын төрагасы Rustam Emomali
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү XVII кылым
Биринчи белгиленген 1676
Мурунку аталышы Сталинабад
Аянты 126,6 км²
Борборунун бийиктиги 706 м
Убакыт аралыгы UTC+5
Калкы
Калкы 793 000 адам (2015)
Жыштыгы 6253 адам/км²
Агломерация 1 473 400 (2015)
Улуттук курамы тажиктер, өзбектер, орустар
Диний курамы мусулмандар, христиандар
Этнохороним Душанбеликтер, Душанбелик
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +992, (37)
Почта индекси 734000
Автоунаа коду 01TJ, 05TJ
Расмий сайты [https://dushanbe.tj шилтеме]
Душанбе (Тажикстан)

Дүйшөмбү (таж. Душанбе, 1929-1961 жылдарында Сталинабад) — Тажикстандын борбор калаасы, өлкөнүн эң ири илимий, саясий, маданий, экономикалык, өнөр-жай жана административдик борбору. Дүйшөмбү өлкөнүн мамлекеттик бийлигинин жогорку органдары жайгашкан, анын ичинде Президенттик сарайдагы Тажикстан Республикасынын Президентинин резиденциясы.

Калкынын саны 2016-жылдын 1-январына карат 802,7 миң адамды түздү, жалпы Дүйшөмбү алгомерациясынын саны — 1485,1 миң адам.

2017-жылдын 12-январынан баштап шаар башчысы — Рустами Эмомали.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Душанбе шаары Ысар өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 750—930 метр бийиктикте жайгашкан. Аймагы  — 127 км². Шаар аркылуу түндүктөн түштүккө карай Варзоб (Душанбе-дарыя) суусу агып өтөт. Ал дарыя шаардын борборундагы "Комсомол" көлүнө суу берет. Чыгыштан батышка карай Кафирниган дарыясы агып өтөт. Шаардан түндүккө карай Варзоб капчыгайы жагашкан — ал жерде көптөгөн эс алуу жайлары жайгашкан.

Душанбе шаарынын сейсмикалуулугу бир топ жогору. XX кылымдын 30-40-жылдарынын куруу нормалары боюнча 7-8 балл деңгээлиде бааланган. Жер титирөөлөрдү Душанбе сесмологиялык станциясы байкоо жүргүзүп турат.

Душанбеде жай мезгили узак жана ысык, жаан-чачын чанда болот. Кыш мезгили салыштырмалуу кыска. Кышкысын абанын нымдуулугу көтөрүлгөндүктөн, кыш абдан көп жаан-чачын менен коштолот. Жаз мезгили салыштырмалуу узак, тез-тез чагылгандуу жаан жаап турат. Эрте күз кургак, бирок кийин күз жамгырдуу жана нымдуу болот. Кургак (июнь-октябрь) жана нымдуу (декабрь-май) деп эки мезгилге бөлүнөт. Январь айынын орто температурасы — 1 °С, июлдуку — 28 °С.

Расмий символдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Душанбе шаарынын расмий кабыл алынган символу — Герб. Гербдин авторлору С. Курбанов жана А. Н. Заневский.

Административдик-аймактык бөлүнүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Душанбе — Тажикстандагы райондорго бөлүнгөн жалгыз шаар. Ошондуктан, шаардык элдик депутаттар Кеңеши жана аткаруучу бийлиги (Хукумат) областтык статуска ээ. Райондордо аткаруучу бийликтин өкүлдөрү болуп район башчылары эсептелет.

2013-жылдын 18-июлунда шаар аймагын үч эсе кеңейтүү пландары жарыяланган.

Душанбе шаары төрт районго бөлүнөт, ар бир райондун өз администрациясы бар (райондук хукумат).

Райондун аталышы Мурунку аталышы Аймагы,
км²
Калктын саны,
адам (2016)
Район башчысы
1. Исмоили Сомони району Октябрь району 25,8 141 500 Курбонов Аламхон Джамилович
2. Сино району Фрунзе району 43,8 307 300 Сафаров Зафар Абдуллоевич
3. Фирдавси району Борбордук район 29,1 198 300 Алиев Саиднуриддин Акрамович
4. Шохмансур району Темир-жол району 27,9 155 100 Бобоев Самандар Бобоевич

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тажикстан Республикасынын Президенти алдындагы Статистика агенттигинин 2016-жылдын 1-январына карата маалыматы боюнча, Душанбенин туруктуу калкынын саны 802 700 адамды түзгөн. Калкынын жыштыгы — 6366 адам/км². Душанбеде республиканын калкынын 9% жашайт.

Өнөр-жайы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Борбор шаарынын өнөр-жай комплекси 230 өнөр-жай ишканаларын камтыйт. Бул ишканаларда 19 миң шаар тургундары иштейт. Ишканаларда 300дөн ашык продукциянын атылышы өндүрөлөт. Душанбеде өндүрүлгөн, экспортко чыга турган негизги продукция — бул пахтадан жасалган жиптер жана кездемелер, чулки-байпак продукциясы, кабелдик буюмдар, арматура, айыл-чарба азыктарын өндүрүүчү буюмдар, соода жабдыктары жана башкалар.