Жон Дьюи

Википедия дан
Дьюи, Жон‎»‎ барагынан багытталды)
Жон Дьюи (1902).

Жон Дьюи (1859—1952) — прагматизмдин өкүлдөрүнүн жана аны негиздөөчүлөрдүн бири.

Аны прагматизм идеяларынын башкы өкүлү катарында карашат, анткени ал прагматизмдин башка өкүлдөрүнүн — Пирстин, Жемстин көптөгөн жоболорун ыраатка салып чыккан. Ал философия жана коомдук турмуштун ар түрдүү проблемалары боюнча жүздөгөн макалаларды жана китептерди жазган. Мектеп реформатору катары да белгилүү. Чет өлкөлөрдө, анын ичинде Советтер Союзунда да көп жолу болгон. Мичиган, Чикаго жана Колумбия университеттеринде сабак берген.

Гносеологиялык жана логикалык проблемалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дьюи өзүнүн кээ бир эмгектеринде гносеологиялык жана логикалык проблемаларды карап чыкса да (мисалы, орус тилине которулган «Биз кандайча ой жүгүртөбүз» деген эмгегин караңыз), анын башкы көңүлү борборунда адам жана анын практикалык проблемалары турган социалдык маселелерге топтолгон. Прагматизм нагыз философиялык проблемалардан адамзат проблемаларын чечүүгө өтүп, өзүнчө бир «коперниктик революцияны» ишке ашырды деп эсептейт Дьюи. Анын чыгармаларынын көпчүлүгү ушул маселеге арналган.

Концепциялары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дьюинин концепциялары бүткүл прагматизмдей эле, «тажрыйба» түшүнүгүнөн келип чыгат, тажрыйбаны ал турмуш-тиричиликтеги жолугуучу бардык нерселер катарында аныктайт. «Философиялык рефлексия үчүн тажрыйба түшүнүгүнүн баалуулугу бул түшүнүктүн талааны, күндү, булут жана жамгырды, урук жана түшүмдү, ошондой эле эмгектенип, пландарды түзүп, ойлоп таап, нерселерди пайдаланып, кыйналып жана ырахаттанып жаткан адамды камтып, белгилеп тургандыгында. Тажрыйба дегенибиз тажрыйба аркылуу өтө тургандардын баарын, окуялар менен адамдардын дүйнөсүн белгилейт, ал тажрыйба аркылуу кабылданган дүйнөнү, адамдын ишмердигин жана тагдырын белгилеп көрсөтөт.

Тажрыйба тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тажрыйбаны Дьюи тааным катарында карабайт. «Тажрыйба дегенибиз баарынан мурда тааным эмес, иш-аракеттердин жана азап- түйшүктөрдүн ыгы». «Бүткүл тааным тажрыйбасы нерселердин бытиесинде жана аларга ээ болуунун өзүндө башталып, ошонун өзүндө аяктоого тийиш». «Биз дүйнө жөнүндө берилгендик, такыбалык, сүйүү жана сыр башка бир нерселерге караганда, алардан кем эмес реалдуу болушуна жол бере турган терминдер аркылуу ой жүгүртүүгө тийишпиз». Ошентип, Дьюи үчүн, тажрыйба дегенибиз адамдардын күндөлүк, демейки тажрыйбалары, алардын демейки эле иш-аракеттери болуп саналат. Ушул себептүү Дьюи тажрыйбаны тийиштүү категориялар аркылуу баалайт: «Ийгилик жана жолу болбоо жашоо-турмуштун алгачкы «категорияларынын» өзү, жыргалчылыкка жетишүү жана жамандыктан качуу — анын эң жогорку таламдары, үмүт жана коркунуч — тажрыйбанын үстөм кылуучу сапаттары».

Илимдин милдети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимдин милдети, Дьюинин пикири боюнча, келечекти пландаштыруу жана аны ишке ашыруу үчүн каражаттарды табуу болуп саналат. Тааным проблемасы, Дьюинин ою боюнча, маанисиз проблема. Ал а түгүл, философия чечип жаткан проблеманы, «ортодоксалдык эмпиризмдин» эрмектеген тамашасы деп атайт, анткени тышкы дүйнөнүн бар болуп жашап турганы эч кандай шек туудурбайт. Мына ушундан келип Дьюи адамдын күч-аракеттерине көрсөтүлүп жаткан каршылык катарында тажрыйбанын мажбурлоочулук мүнөзү жөнүндө корутунду чыгарат. Ушунун баары, Дьюинин оюнча, дүйнөнүн чоң коркунучтуу мүнөзү жөнүндө айтып турат. Дүйнө адамда коркунучту пайда кылат. Бул коркунуч чөйрөнүн функциясы. «Адам үрөй учурган коркунучтуу дүйнөдө жашап тургандыктан улам коркот. Дүйнө опурталдуу коркунучтарга толгон жана кооптуу». Албетте, Дьюи мунун пессимисттик духта айтылып жатканын моюндайт, бирок комедияга караганда трагедия жашоо турмуштун алда канча тереңдеги катмарын козгойт эмеспи. «Жамандык проблемасы жалпыга белгилүү проблема болуп саналат, ошол эле убакта биз жакшылык проблемасы жөнүндө сейрек угабыз же эч качан укпайбыз». Ошентип, прагматизм туруксуз жана коркунучтарга толгон дүйнөдө адамга жашоого мүмкүндүк бере турган көз карашты иштеп чыгууга умтулат.

Тааным милдети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дьюи үчүн, таанымдын милдети тажрыйбаны адамдын кызыкчылыгынын урматы үчүн кайрадан куруунун жолдорун ойлоп табууда турат. Ошондуктан аныктыкты бытиеден эмес, дал кайра куруунун ыктарынын өзүнөн издөө керек. «Ишенимдүүлүктү өзгөрүлбөс реалдуулукка акыл-эс менен ээ болуу аркылуу издөө эми ынанымдуулукту окуялардын өзгөрүлүп жаткан жүрүшүн активдүү «өзөмөлгө алуу аркылуу издөө менен алмашылды». Таанымды Дьюи тажрыйбага багытталган иш же аракет катарында карайт. Тааным — проблеманы чече билүү. Тааным — реалдуулукка ээ болуунун кандайдыр бир өзгөчө жолу эмес. «Үмүттөр жана коркунучтар, каалоолор жана жийиркенүү тааным менен ойломдой эле нерселерге байланыштуу келип пайда болуучу чыныгы таасирлер. Биздин аффектилерибиз, алар түшүнүлүп турганда биз табийгый дүйнөнүн маңызына тааным аркылуу сүңгүп киргендей эле чыныгы түрдө сүңгүп кире ала турган, бирок алда канча толук жана терең сүңгүп кире ала турган орган болуп саналат.

Ошентип, адамдын таанып-билүүчүлүк эпкиндүүлүгү — бул адамдын баштапкы материалды өзгөртүп жибере ала турган иш-аракети болуп саналат. Дьюинин инструментализми мына ушунда турат: изилдөө изилденүүчү материалды экзистенциалдык кайра курууну ишке ашырат. Илимдин обьектиси изилдөөдөн мурда бар болуп турган нерсе эмес, ал таанымдын жыйынтыгы, тааным аркылуу түзүлгөн нерсе. Дьюинин көз карашында акыйкат, билим жана реалдуулук бири-бирине дал келет. Илимий түшүнүктөр мындай учурда иш-аракеттердин аспаптары жана куралы гана болуп кызмат кылат.

Дьюи мындай деп жазат: «Эгерде идеялар, маанилер, концепциялар, түшүнүктөр, теориялар, системалар кээ бир спецификалык мүнөздөгү тынчсызданууларды жана дүрбөлөңгө түшүүлөрдү четтетүүгө карата алганда инструменталдык нерселер болсо, анда алардын ишенимдүүлүгүн жана баалуулугун текшерүү алардын ушул жумушту аткаруусу аркылуу ишке ашат». Ошентип, Дьюинин акыйкаты Жемстикине окшоп анын пайдалуулугу менен аныкталат.

Акыйкат жөнүндө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жемстен айырмаланып, Дьюи акыйкатты бир аз башкача түшүнөт. Алсак, эгерде Жемс жалпы эле идеялардын пайдалуулугу жөнүндө айтса, Дьюи эгерде идея белгилүү бир конкреттүү проблема үчүн пайдалуу болсо гана ал идея акыйкат болуп саналат дейт. Андан ары, эгерде Жемс кредит системасы жөнүндө айтканда адамдар текшерилген акыйкаттарды алмаштырып алуу учурунда акыйкаттардын колдонулушунун формасы катары айтса, Дьюи акыйкат өзү пайда болгон кырдаал менен гана байланыштуу болот деп эсептейт. Ошентип, кырдаал түшүнүгү Дьюинин инструментализминин борбордук түшүнүгү катарында чыгат. Бул болсо, Дьюинин моралдык жана инструменталдык тажрыйбада учурдагы проблемалар менен милдеттерди жана белгилүү бир кырдаалдан келип чыга турган түздөн түз максатты гана таануусуна алып келет. Адам жакынкы максаттарга гана, анын үстүнө практикалык максаттарга умтулууга тийиш

Педагогика тармагында Дьюинин сиңирген эмгеги өтө зор. Ал «иш-аракет аркылуу окутуу» принцибин көтөрүп чыгып, турмуш проблемаларын чечүүдө практикалык машыгууларга ээ болууну пропагандалоо аркылуу Америкада мектептерди жана педагогиялык практиканы ырааттап калыптандырууга чоң таасир көрсөткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]