Дьюк Университети

Википедия дан
Дьюк Университети.

Дьюк университети (англ. Duke University) - Түндүк Каролина штатында жайгашкан америкалык жеке изилдөө университети болуп саналат. Ал 1838-жылы Методисттер жана Квакерлер тарабынан Тринити шаарында ачылган. 1892-жылы Дарем шаарына көчүп келген. 1924-жылы, тамеки жана электр энергиясын өндүрүүчү Джеймс Бьюкенен Дьюк The Duke Endowment фондун башкарат да, ошол учурда мекеменин каза болгон атасынын, Вашингтон Дьюктун, урматына өзгөрткөн.

Дьюк кампусу Ларемдеги жана Бофорттогу суу лабороториялары менен чектешип, 3500га ашык жерди ээлейт. Башкы кампусун архитектор Джулиан Абель курган. Кампус готика архитектуралык стилинде курулуп, анын таш чиркөөсүнүн бийиктиги 64 метрге чейин жетет. Биринчи жылдары Батыш кампусу георгиан архитектуралык стилинде болуп, ал эми чыгышта жайгашкан башкы кампусу готика стилинде курулган. Ал Медициналык центрден 2,4 км аралыкта турат. Дьюк 2014-жылы 11,4 млрд $ накталай акча жана салымдардын менен Америка боюнча жетинчи-бай жана жеке университет болуп саналат.

2015-каржы жылында Дьюк изилдөө чыгымдары $ 1.037 млрд болуп, ал жетинчи бай окуу жай катары саналат. 2014-жылы Thomson Reuters 32 Дьюктагы профессорлорду мыкты изилдөөлөчүлөрдүн тизмегине киргизди. Ал улуттук окуу жайлардын арасынан 5-орунда турат, анткени ал Rhodes, Marshall, Truman, Goldwater, and Udall Scholars чыгарган. Он Nobel жана үч Turing Award сыйлыктарынын лауреаттары бул окуу жай менен байланышы бар. Atlantic Coast Conference менен спорт командалары атаандаш жана баскетбол командасы 2015-жылы бешинчи жолу NCAA эркектер командалар арасында утуп чыгышкан.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кампустары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчилиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]