Дэмен Шазелл

Википедия дан

Дэмен Сейр Шазелл (англ. Damien Chazelle; /ʃəˈzɛl/; 1985-жылы, 19-январда туулган) - америкалык режиссёр жана сценарист. "Гай менен Меделин парктагы отургучта" (анг. Guy and Madeline on a Park Bench, 2009) аттуу тасмадагы алгачкы режиссёрлук ишинен кийин, 2013-жылы анын ошол эле аталыштагы кыска тасмасына негизделип тартылган "Оопайлык" (анг. Whiplash, 2014) тасмасына режиссёрлук кылгандан кийин атагы чыккан. Тасма алгачкы жолу "Санденс Кино Фестивалында" көрсөтүлүп, "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты тасма" жана "Эң мыкты адаптацияланган сценарий" сыяктуу беш наамына көрсөтүлгөн.

Анын 2016-жылкы "Ла ла лэнд" (анг. La La Land) тасмасы сын-пикир жагынан да киреше жагынан да ийгилик жаратып, "Алтын Глобус" сыйлыгынын "Эң мыкты тасма-мюзикл же комедия", "Эң мыкты режиссёр" жана "Эң мыкты сценарий" сыяктуу жети наамын жеңип алган. Ал ошондой эле "Оскар" сыйлыгынын реккорддук 14 наамына көрсөтүлүп, "Эң мыкты режиссёр" сыяктуу алты наамды утуу менен, Шазелл 32 жашында мындай наамды жеңген эң жаш режиссёр болгон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]