Дюверже, Морис

Википедия дан

Дюверже (Duverger) Морис (5. 6. 1917-жылы туулган, Шаранта департаменти, Ангулем) - француз саясат таануучусу, саясат социологиясы боюнча адис (мамлекет таануучу). Дюверженин «Саясий партиялар» (1951) аттуу китебинде партиялардын курамдык-уюмдаштык негиздери, алардын калыптануу жана өнүгүү өзгөчөлүктөрү каралган. Партиялык, парламенттик, шайлоо системаларынын өз ара байланышы жөнүндөгү теориялык маселелерди саясат таануу илиминде биринчи жолу көтөрүп чыккан. Шайлоолук жана партиялык системалардын «социологиялык үч мыйзамын» тастыктап алып чыкты. Алардын жоболору: 1) пропорциялуу шайлоо системасы ички түзүлүшү жагынан бекем курамдан турган, көз карандысыз аракеттенген көп партиялардын пайда болушун шарттайт; 2) абсолюттук мажоритардык шайлоо системасы ийкемдүү жолду туткан, өз ара ымалалашууга умтулган партиялык системаны жаратат; 3) салыштырмалуу мажоритардык шайлоо системасы кош партиялуулук системаны калыптандырат. Дюверже өзүнүн «Янус. Батыштын эки жүзү» (1972) деген китебинде саясатты «эки жүздүү Янус» менен салыштырган. Биринчисинде, саясат бул көпчүлүктүн үстүнөн азчылыктын артыкчылыгын жоюуга кызмат кылса, экинчисинде, саясат дегенди коомдогу бардык жарандардын биригишинин жана адилет мамлекет курушунун каражаты катары чыгат деп эсептейт. Дюверже бир катар өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө кеңешчилик кылган, Франция, Мексика, Грекия мамлекеттеринин ордендери менен сыйланган.

Эм.: Дюверже Les partis politiques. P., 1951; La sociologie politique. P., 1966.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5