Жами

Википедия дан

Жами (جامی) — Жами аты менен белгилүү болгон Нуриддин Абдуррахман ибн Ахмад ибн Мухаммад атагы чыккан акын, мистик, суфий шейхи, дин таануучу, философ (793-жылы 24-абан айында Харгерд шаарында төрөлүп, (871-жылдын 27-абан айында Гератта дүйнөдөн кайткан).  Ал фарсы тилинде жазган классикалык позиянын акыркы муундарынан болуп саналат.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атасы тарабы ислам жылнамасы менен II-кылымдагы Мухаммад ибн Хасан Шибаниден бери белгилүү.

Анын бала чагы жана алгачкы билим алуусу ошол замандагы Гераттан калган Жамдагы Харгерд шаарында атасынын жанында  өткөн. Болжол менен 13 жашында ал атасы менен Гератка барып ошол жакта отурукташып калган. Ал жерде өз убактысын илим билимге арнап, жашоосунун көбүнчө бөлүгүн ошол жакта өткөзгөн жана ал жер ошол замандан тарта Жами аталып, белгилүү болгон. Ал алгачкы ырын башка бир лакап ат менен жазып, кийинчерээк өзү Жам шаарында төрөлгөндүктөн жана Шейх Ахма Жаминин урматына лакап атын Жами деп атаган. Жаминин үй бүлөсү Геран шарында отурукташкандыктан, ал перс жана араб адабияты боюнча баштапкы билимин өз атасынан үйрөнгөн.  Ошентип ал ошол замандагы эң мыкты жана белгилүү илимий борборлордун бири болгон Низамие медрессесинен билимин уланта баштаган жана өз заманындагы грамматика, синтаксис, диалектика, философия, математика, фикх, хадис, ишеним, кыраат, тафсир сыяктуу жалпы илимдерди терең үйрөнүп, белгилүү устаттар Кожо Али Самарканди менен Мухаммад Жажермилерден билим алган. Ал так ошол доордо суфизм менен таанышып, ага кызыгуусу арта баштаган. Ошентип ал Сейиддин Мухаммад Кашгаринин окуучуларынын катарына кошулуп нагшбандия агымы боюнча руханий билимин жогорулаткан. Ал устатынын көзү өткөн соң (ислам жылнамасы менен 870-жылы жана григориан жылнамасы менен 1455-жылы) Накшбандия тарикатынын халифи болуп дайындалган. Андан бир нече жыл өткөн соң Жами Самарканддын жолун улап, илимдин таасы жана досу болгон Улугбек Мухаммед Тарагайдын жардамы менен ал жер даанышмандардын, илим билим борборуна айланган. Нуриддин Жами Самаркандда жүргөндө да өзүнүн билими менен устаттарынын көнүлүн өзүнө бурган.  Жаштайынан эле ыр жазып баштаган Жаминин ыр жазууга болгон шыгы күчөп, өзүнүн  диний, суфий жана мистикалык жогору билими менен эл арасында бат эле таанылып, атагы дүңгүрөп далайга тараган. Ал жөнөкөй жашагандыгына карабай абдан белгилүү, сый урматка татыктуу болгон жана эч убакта өзүнүн кудурети жөнүндө ооз ачкан эмес, падышалар, эмирлер ага урмат көрсөтүшүп, өздөрүн анын окуучусу жана шакирти деп билишкен.  Улугбектин орун басары Султан Байкара менен анын эмири Алишер Навои өмүрүнүн акырына чейин аны урматтап, ага сый көрсөтүшкөн. Жада калса Осмон империясынын падышасы Узун Хасан Куюнлу менен Египетеги Хижаз өкмөтүнүн падышалары да аны барктап, баалашкан.

Диний ишеними[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нагшибандия тарикатынын негизинде жана Жаминин жазып калтырган кол жазмалары анын сунни жана ханафи агымынан экени айтпаса да айкын. Баардык суунилер сөзгө чебер, акындык талантка ээ болгондуктан  Жаминин да акындык шыгы бар болгон, бирок  кээ бирлери аны шиит деп эсептешсе кээ бирлери ашария жана шафиит мазхабын карманган деп билишкет.

Жами китептеринин биринде Улуу Пайгамбар жөнүндө хадистерди изилдеп чыгып, которуп андан соң азирети халифтерди жана  алардан кийин гана он эки имамды жазган.  

Жаминин эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жамиинин фарсы жана араб тилдеринде жазылган ондогон китеп, эмгектери жана макалалары биздин муунга эстелике калган.

*Жами өзүнүн чыгармаларын эки чоң жыйнакка бөлгөн

*1. Газель, Касыда жана рубаилер сыяктуу үчилтик дивандары

*Ал эми дивандарын  өмүрүнүн акырында Хосроу Пахлавиден үч бөлүмдөн турган

*а) Жаш кези

*б)Жашоосу

*в)Өмүрүнүн акыры

Жами бул чыгармасынын газалдары менен касыдаларын иран жылнамасы менен 884-жылы даярдап жазган. Жаминин касыдалары Ислам Пайгамбарды мактап, дин, адеп-ахлак жана ирфан жөнүндө жазган. Андан тышкары, ал султандарды мактоо же аларга кошок кошуу, замандаш даанышмандар жөнүндө да өз касыдаларында калтырып кеткен. Анын газалдары жети бейттен ашкан эмес жана алардын көбү ашыктык же мистикалык болгон.

Жаминин ирфан маселелеринин негизин, суфийлердин акыйкаттыгына карата же махабаттын назиктиги жөнүндө  поэтикалык үзүндүлөр жана рубаяттар да калган.

Анын биздин күнгө чейин сакталып калган “Диване би Нагат” атту жыйнагынын өзгөчөлүгү, андагы колдонулган сөздөрдө бир да тыныш белгиси колдонулбаганында.  

Андан тышкары, анын “Жети уранг” аттуу чыгармасы Маснави түрүндө жазылып жети китептен турат.

Анын алгачкы маснависи “Хадит аль-Хагигат” Санайи стилинде иран жылнамасы менен 887-жылы жазылган. Бул маснави ирфан көз карашы менен шарият, тарикат, сүйүү, пайгамбарчылык жөнүндө жазылган.

Ал эми анын экинчи маснависи “Султан Туркман Якуб Ак Коюнлу” деген ат менен 885-жылы жазылган. Бул чыгарма алгач Насыр ад Дин Туси тарабынан “Саламан жана Абсал жөнүндө икая” деген ат менен жазылган, ал эми Жами аны фарсы стилине  салып кайрадан жараткан.

Анын  “Сырлар кенчи” аттуу үчүнчү маснависи  Жаминин эң алгачкы таалим-тарбиялык мазмунду камтыган чыгармасы. Бул чыгармада ал жаралуу, ислам, намаз, зекет, хаж, ажал, суфизм, ашыктык жана акындык жөнүндө ишара кылган  жана чыгарманын акырында жазуучу өзүнүн уулу Зия ад Дин Юсуф тууралуу жазып, өзүнүн бала чагын да эскерген. 

Ал эми анын “Аалымдарга урмат” атту төртүнчү Маснависи иран жылнамасы менен 887-жылы жазылып, таалим-тарбия, ахлак, ирфан, зекет, мусаапырчылык, жакырчылык, сабырдуулук, боорукердик, коркунуч, үмүт, ырахат, сүйүү жана махабат темаларын камтыйт.

Бешинчи маснависи “Зулайка менен Жусуп” аты менен сүйүү темасына арналган. Бут китепте Жами Ыйык Курандагы Юсуф сүрөөсүн жана анын аяттарынан кошуп жазган. Бул китеп иран жылнамасы менен 888-жылы жазылган. 

“Лейли менен Мажнун” анын алтынчы ашыктык маснависи көлөмү жагынан Низами менен Амир Хосроунун чыгармаларынан кем калбайт.

“Искендердин акыл насаат китеби” анын жетинчи таалим тарбия маснависи болуп саналат. Аталган чыгармада ал грек окумуштуулары Сократ,   Платон, Аристотель, Баккар, Пифагор и Искендер жөнүндө сөз кылган.

Бахарстан (Жазстан) Жамиден калган дагы бир чыгарма.

*Тиешелүү шилтемелер.

*Ибн Араби

*Ирфан адабияты

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

*Culture and Circulation: Literature in Motion in Early Modern India (in English). BRILL. 2014. ISBN 9789004264489. works of the Persian polymath ʿAbd al-RahmanJami (1414–1492) under the auspices of the Neubauer Collegium for ...

*Ислам дүйнөсүнүн илимнамасы, Сарваже* Жами,

*ЗаринКуб, Абдульхосейн, Иран суфизмин изилдеп, Тегеран ир.ж. 1362-ж.

*Султан Хосейн Багиранын доорундагы мазхаб, Али Жаванмарди, 11б. Ислам тарыхынын электрондук булагы, Күз 1391 ж.

*Жами, Абдурахман, Дивандар, Голзар Махмуди СатимПариз ир.ж.1337-ж.

*1492 Jāmi (b. 1414), noted Persian poet, mystic, and author of Yusof o Zolayḵā and Behāristān, dies. iranicaonline.org

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

*Урнабаев Асамаддин, Жаминин колго жазылган каттары, М.Хервинин кириз сөзү жана кызматашуусу менен, ир.ж.13664=ж.

*Голь Хасан, Иран акындарынын өмүр баяны, Халак басмакана уюму, ир.ж.1377,

*”Jami” Жами, Википедия англис тилинде 

Сырткы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

*Жамиинин ырлары PDF формат.

*Жаминин өмүр баяны

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1