Женнифер Лоуренс

Википедия дан

Женнифер Шрейдер Лоуренс (англ. Jennifer Shrader Lawrence; 1990-жылы 15-август) – америкалык актриса. 2015-жылдан тартып Лоуренс дүйнө жүзүндө иш акыны көп ала турган актриса болгон, ал тартылган тасмалар дүйнө жүзү боюнча 5,5 миллиард доллардан ашык киреше жыйнаган. Актриса 2013-жылы Time журналынын "Дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 инсан" тизмесинде пайда болуп, 2014чү жана 2016-жылы Forbes журналынын Celebrity 100 тизмесинде жайгашкан.

Бала кезинде Лоуренс чиркөө пьесаларда жана мектеп мюзиклдарында роль аткарчу. Нү-Йоркто, 14 жаштагы Лоуренсти таланттарды табуучу агент байкап калат. Ошондо Лоуренс Лос-Анжелеске көчүп телевизиондук шоуларда мейман ролдорду аткаруусу менен чыгармачылык ишин баштаган. Актриса алгачкы чоң ролун "Билли Ингвал" (англ. The Bill Engvall Show, 2007–2009) аталышындагы ситкомдо аткарган. Лоуренстин тасмада аткарган биринчи ролу "Бакчадагы зоок кечеси" (англ. Garden Party, 2008) тасмадагы жардамчы ролу болгон, ал эми "Кыш сөөгү" (англ. Winter's Bone, 2010) драмада аткарган жакыр өспүрүм кыздын ролу актрисанын ири ачылыш ролу болуп эсептелет. "Х-кишилер: Биринчи класс" (англ. X-Men: First Class, 2011) тасмада жана анын уландыларында Мистик аттуу мутанттын ролун аткарганы менен кеңири таанымал болгон.

"Ачкачылык оюндары" (англ. Hunger Games, 2012-2015) тасма серияларында роль аткаруусу менен Лоуренс атактуулукка жетип, "эч бир заманда аткарылбаган эң мыкты каармандын ролу" наамына жеткен. Дэвид О. Рассел менен кызматташтыгы Лоуренске бир канча сыйлыктарды алып келген. "Үмүт шооласы" (англ. Silver Linings Playbook, 2012) тасмада жесир калган аялдын ролу Лоуренске "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты актриса" номинациясын алып келген, ошону менен актриса ушул номинацияга татыган экинчи жаш актрисасы болгон. Кийин актриса "Айлакер" (англ. American Hustle, 2013) тасмада маселе жараткан аялдын ролун аткарып BAFTA сыйлыгынын "Эң мыкты жардамчы актриса" номинациясына татыган. Актриса ушул эки тасмада аткарган ролдору жана "Жой" (англ. Joy, 2015) тасмада ойлоп табуучунун ролун аткарганы үчүн "Алтын глобус " сыйлыгына татыган.

ММКда Лоуренс феминизм жана жыныстык теңдик кыймылдардын жактоочусу катары таанымал, ошондой эле актриса ар кандай соопчулук уюмдарга жардам берүүчү Женнифер Лоуренс фондунун негиздөөчүсү.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]