Жети ата

Википедия дан

Жети атакыргыздардагы ата текти билүүгө байланышкан генеалогиялык түшүнүк. Жети атанын элдик генеалогиялык түшүнүк катары кабыл алынышы патриархалдык-көчмөн салтка байланышкан. Жети ата кыргыз коомунда социалдык маанилүү роль ойногон. Салтка ылайык кыргыз коомундагы ар бир адам өзүнүн жети атасын билүүгө тийиш болгон. Жети атасын билбеген адам кул катары кабыл алынган. 19-кылымдын аягында Кыргызстанга келген орус адамы мындай деп жазган: «Бейтааныш адам жөнүндө бир нерсе билүү максатында: “Сенин жети атаң ким болгон”, деп сурашат. Бул суроого абдан так жооп беришке кыргыздын ар бир баласынын кудурети жетет». «Ким өзүнүн жети атасын билбесе, эл безери», деп окутат кыргыздын адеп кодекси. Жети ата өзүнө тиешелүү төмөнкүдөй терминдер менен аталып, элдин аң-сезимине абдан терең сиңген: ата, чоң ата, баба, буба, кубаар, жото, жете. Элдин эсинде сакталып калган «кубаарыңдын куу чокусу, мадериңдин баш териси» (мадер түштүк диалектиде эне), «кудай кылса кубаарыңдын акысы барбы?», «жото-жетесиз кул», «жетеге жетчү кек», «жети атасынан бери жиликтеп сура» деген сыяктуу көөнө түшүнүктөр мындай салттын байыркылыгын ырастайт. Жети атаны сүрүштүрүү салты уруу ичиндеги никелик мамилелерди жөнгө салып, элдин генеалогиялык тазалыгын сактап калуу жана биол. популяциясына, өсүп-өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзгөн. «Ал кезде жети атасын сурап кыз бермек ырасим болгон», деп айтылат. Кыргыздар байыртадан бийик тоо шартында бири биринен обочолонуп жашагандыктан, тукумдун тазалыгын сакташ үчүн нике мамилелерин жөнгө салуу зарыл болгон. Бул адат боюнча жети муун өтмөйүнчө никеге турууга тыюу салынган. Муну илим жети муундук экзогамия деп аташат. Бул отурукташкан элдерден айырмаланып, кыргыздарда никенин жана урпак-тукумду өстүрүүнүн өзүнчө мад-ты иштелип чыккандыгын айгинелейт. Ушундан улам жети атасын сүрүштүрүү салты келип чыккан. Анын баштапкы негиздери урук ичиндеги экзогамиялык талаптарга байланышса, кийин коомдо мыйзам сыяктуу турмуштук кодекске айланган. Анткени, патриархалдык коомдогу уруктун ар бир адамы жети атасын так билгенде гана кайсы урукка таандык экендигин далилдей алган.

Жети атанын аталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өйдө көздөй санаганда[1]

  1. Ата
  2. Чоң ата
  3. Баба
  4. Буба
  5. Кубар
  6. Жото
  7. Жете

Ылдый көздөй санаганда

  1. Бала
  2. Небере
  3. Чөбөрө
  4. Кыбыра
  5. Тыбыра
  6. Чүрпө
  7. Урпак

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. http://kyrgyztil.taalimforum.kg/index.php/user/reader/34?pid=group&id1=1044&id2=1045&id3=1046&t=149&pc=14