Жиллиан Андерсон

Википедия дан

Жиллиан Ли Андерсон (англ. Gillian Leigh Anderson, Британия империясынын ардактуу орденинин ээси; 1968-жылы 9-август) – америкалык жана британиялык тасма, телекөрсөтүү жана сахна актрисасы, активист жана жазуучу. Актриса "Жашырын өздүк иштери" (англ. The X-Files) аталышындагы узак мөөнөткө созулган популярдуу телесериалда Федералдык иликтөө бюросунун атайын агенти Дана Скаллинин ролун аткаруу менен, ошондой эле "Шаттык жайы" (англ. The House of Mirth, 2000) тасмадагы бактысыз атактуу айым Лили Барттын ролу жана Би-Би-Си телеканалындагы "Кулоо" (англ. The Fall) аталышындагы кылмыштуулар жөнүндөгү телесериалында Стелла Гибсондун ролун аткаруусу менен атактуулукка жеткен. Андерсон прайм-тайм "Эмми" сыйлыгына, "Алтын глобус " сыйлыгына жана АКШ киноактерлор гилдиясынын сыйлыгынын эки номинацияларына ээ.

Сахнадагы чыгармачылык ишин баштаган соң, Андерсон дүйнөлүк атактуулукка "Жашырын өздүк иштери" аталышындагы америкалык илимий фантастикалык драма телесериалында Федералдык иликтөө бюросунун атайын агенти Дана Скаллинин ролун аткаруу аркылуу жеткен. Актрисанын роль аткарган драмалары: "Күчтүү кельт" (англ. The Mighty Celt, 2005), "Шотландиянын акыркы королу" (англ. The Last King of Scotland), "Жашырын бийчи" (англ. Shadow Dancer), "Вице-королдун үйү" (англ. Viceroy's House) жана "Жашырын өздүк иштери" телесериалдын эки тасмасы, алар: "Жашырын өздүк иштери: Келечек үчүн күрөшүү" (англ. The X-Files: Fight the Future) жана "Жашырын өздүк иштери: Ишенгим келет" (англ. The X-Files: I Want to Believe). Актриса ойногон башка телевизиондук долбоорлору: "Муңдуу үй" (англ. Bleak House, 2005), "Ар бир адамдын жүрөгү" (англ. Any Human Heart), "Чоң үмүттөр" (англ. Great Expectations), "Ганнибал" (англ. Hannibal) жана "Америка Кудайлары" (англ. American Gods).

Тасмаларда жана телекөрсөтүүлөрдө пайда болгондон тышкары Андерсон өзүн сахнада да сынап, сыйлыктарга жана сынчылар тарабынан жогору бааларга ээ болгон. Актрисанын сахнада аткарган оюндары: Theatre World Award сыйлыгынын "Жаңы баштаган эң мыкты актриса" номинациясын алып келган "Жок болгон достор" (англ. Absent Friends) пьесасы, Лоуренс Оливье атындагы сыйлыгына талаперлиги коюлган "Куурчак үйү" (англ. A Doll's House) пьесасы жана Evening Standard Theatre Award сыйлыгынын "Эң мыкты актриса" номинациясын жана экинчи Лоуренс Оливье атындагы сыйлыктын "Эң мыкты актриса" номинациясын алып келген "Ач көздүк трамвайы" (англ. A Streetcar Named Desire). Андерсон "Акыр заман" (англ. The EarthEnd Saga) романдын үчилтигинин жана "Биз: Бардык жердеги аялдарга арналган манифест" (англ. WE: A Manifesto for Women Everywhere) аталышындагы жол көрсөткүч китептин кош-жазуучусу.

Андерсон активдүүлүк менен бир канча соопчулук жана гуманитардык уюмдарга жардам берип келет. Актриса Нейрофиброматоза тармагынын ардактуу өкүлү жана Туруктуулук маселери боюнча иштеген түштүк африкалык жаштарга билим берүү уюмдун кош-негиздөөчүсү. 2016-жылы Андерсон драмага сиңирген чоң эмгектери үчүн Британия империясынын эң ардактуу орденине татыган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]