Жозе Сарамаго

Википедия дан
Жозе Сарамаго.

Жозе де Соза Сарамаго (порт. José de Sousa Saramago; 1922-жыл 16-ноябрь — 2010-жыл 18-июнь) — португалиялык жазуучу жана 1998-жылы Нобелдин адабият боюнча сыйлыгынын ээси болгон. Анын эмгектери — айрымдарын аллегория катары эсептегенге болот — тарыхый окуяларга карата кыйратуучу көз караштарды сунуштап, адамдык факторго басым жасайт. 2003-жылы Харолд Блум Сарамагону "азыркы дүйнөдө жашаган эң таланттуу роман жазуучу" деп сүрөттөгөн жана 2010-жылы аны "Батыш канонунун туруктуу бөлүгү" деп эсептээрин айткан. Ал эми Жеймс Вудс "ал романдарын акылдуу да, сабатсыз да киши катары баяндаганын айтып, анын көркөм чыгармасынын айырмаланган маанайын" мактоого алган.

Португалиянын өзүндө эле Сарамагонун китептери эки миллиондон ашык нуска менен сатылып, чыгармасы 25 тилге которулган. Либеритардык коммунизмдин жактоочусу болгон Сарамаго Католик чиркөөсү, Европа Биримдиги жана Эл аралык валюта фонду сыяктуу институттарды сынга алган. Бир атеист катары ал адамдын абалын жакшыртуунун жолу катары сүйүнү жактаган. 1992-жылы премьер-министр Анибал Каваку Силванын тушундагы Португалия өкмөтү диний жактан кемсинтет деп "Аристеон" сыйлыгынын кыска тизмесинен "Ыйса Машаяктын диний үгүтү" (англ. The Gospel According to Jesus Christ) эмгегин алдырып салган. Өз ишине болгон бийликтин цензурасына ындыны өчкөн Сарамаго Лансароте испан аралына сүргүнгө кетип, 2010-жылы көз жумганга чейин ошол жакта жашаган.

Сарамаго 1992-жылы Лиссабондогу Маданиятты коргоо боюнча улуттук майдандын негиздөөчү мүчөсү болуп, Орхан Памук менен биргеликте Европа жазуучулар парламентин негиздешкен.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]