Жон Винсент Атанасов

Википедия дан
Жон Винсент Атанасов.

Жон Винсент Атанасов (англ. John Vincent Atanasoff; 1903-жылы 4-октябрь – 1995-жылы 15-июнь) – америкалык физик жана ойлоп табуучу, эң биринчи электрондук санариптик компүтерди Атанасов ойлоп тапкан деп эсептелет.

Окумуштуу эң биринчи электрондук санариптик компүтерди 1930-жылдары Айова штатынын университетинде ойлоп чыгарган. Анын эмгеги боюнча тартышуулар 1973-жылы Honeywell v. Sperry Rand сот ишинде жоюлуп Атанасовдун компүтер ойлоп чыгарганы далилденген. Окумуштуунун атайын адистешкен машинеси Атанасов-Берринин компүтери (англ. Atanasoff–Berry Computer) деп аталган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Компүтердик иштелмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атанасов доктордук илимий ишин жазып жатканда, колунда бар эң мыкты аспап Monroe механикалык эсептөөчү болгон, бирок анын колдонуусу менен окумуштуу бир канча кыйынчылыктарга дуушар болгону менен соң эсептөөлөрдү ылдамыраак чыгаруучу жолдорун издеп баштаган. Айова штатынын университетинде Атанасов илимий эсептерде жетектөөчү түзмөк болгон Monroe эсептөөчтүн жана IBM табуляторлордун колдонуусун изилдеген. 1936-жылы окумуштуу үстүнкү түз катмардын геометриясын анализ кыла турган окшош эсептөө эсептөөчтү ойлоп чыгарган. Туура тактык үчүн керек болгон так механикалык толеранттуулук окумуштууну санарип чыгарууларды текшерип чыгууга түрттү.

1939-жылдын сентябрында алган 650 АКШ доллардык колкабыш менен Клиффорд Берри аспирантынын жардамы менен бирге Атанасов-Берринин компүтердин прототипи ошол эле жылы чыккан. Атанасовго караганда, Атанасов-Берринин компүтердин кээ бир оперативдик принциптери 1938-жылы, кышында, Иллинойс штатынын Рок адалына барып келгенден соң пайда болгон.

29дай сызык теңдемени чыгаруу үчүн компүтерде колдонгон негизги идеялар, бинардык математика жана айтылыштар алгебрасын камтыган. Атанасов-Берринин компүтеринде башкы процессор жок болсо дагы, ал санарип эсептөөлөр үчүн вакуумдук түтүкчөлөрдү колдонгон электрондук түзмөк катары түзүлгөн. Ошондой эле ал учурда DRAM эсинде колдонулган процессор менен башкарылган регенеративдүү конденсатордук эске ээ болгон.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Math-bio-stub Калып:Physicist-stub Калып:US-bio-stub