Жон Грин

Википедия дан
Жон Грин (VidCon 2012).

Жон Майкл Грин (англ. John Michael Green; 1977-жылы 24-августта туулган) - америкалык автор, влоггер, жазуучу, актер жана редактор. 2006-жылы ал "Алясканы издөө" аттуу дебюттук романы үчүн "Printz Award" сыйлыгын жеңип алган. Ал эми анын алтынчы романы - "Күнөө биздин жылдыздарда" 2012-жылы. январ айында The New York Times тизмесинде бестселлер китептердин эң башкы сабын ээлеген. Романдын 2014-жылы тасмага адаптацияланшы эң кирешелүү тасмалардын бири болгон. 2014-жылы Time журналы Гринди Дүйнөдөгү эң таасирлүү 100 адамдын тизмесине кошкон. Гриндин "Кагаз имараттар" аттуу романы да тасмага адаптацияланып, 2015-жылы, 24-июлда чыккан.

Роман жазуудан тышкары, Грин YouTubeдагы видеолору менен белгилүү. 2007-жылы, ал агасы Хэнк Грин менен биргеликте the VlogBrothers каналын түзгөн. Андан бери алар "Мыктылар үчүн долбоор" жана VidCon иш-чараларын , 11 онлайн сериал, анын ичинде Crash Course, ошондой эле адабият, тарых, илим тууралуу билим берүүчү каналды түптөө менен биргеликте, кийинчерээк каналына экономика, АКШ өкмөтү, астрономия, саясат, философия, мифология, компүтер тануу, оюндар жана кино тарыхы курстарын кошушкан.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]