Жорж Йүжин Уленбек

Википедия дан
Жорж Уленбек.

Жорж Йүжин Уленбек (англ. George Eugene Uhlenbeck; 1900-жыл 6-декабрь, Батавия, голландиянын Чыгыш-Индиясы (азыркы Жакарта, Индонезия) - 1988-жыл 31-октябрь, Боулдер (Колорадо), АКШ) - голланд тектүү америкалык физик-теоретик. АКШнын Улуттук илимдер академиясынын (1955) жана дүйнөнүн бир катар илимий коомдорунун мүчөсү. Илимий изилдөөлөрүн негизинен кванттык механика, атом жана өзөк физикасы, кинетика теориясы, статистикалык механика, локалдык эмес кванттык талаа теориясы жаатында жүргүзгөн. Атак даңкка эң оболу Семүел Гаудсмит менен чогуу спин электронду ачканы үчүн жеткен.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уленбек 1925-жылы октябрь айында Сем Гаудсмит менен бирге физикага спин концепциясын киргизген: алар спектроскопиялык берилиштердин анализинин негизинде электронду Бор магнетонуна барабар өзүнүн магниттик моменти жана механикалык моменти бар "айлануучу чимирик" деп кароону сунушташкан. Мындай идеялар көптөгөн физиктердин оюна келген, бирок жетишинче так түшүндүрүлгөн эмес эле. Алсак, тээ 1921-жылы Артур Комптон заттын магниттик өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүүгө аракет кылып жатып, электрон тууралуу "кымындай гироскоп сыяктуу" айлануучу деген оюн айткан. Кийинчерээк Волф Паули атактуу тыюу принциби жөнүндөгү эмгегинде электронду "классикалык жол менен сүрөттөөгө мүмкүн болбогон эки маанилүүлүк" деп атаган. 1925-жылдын башында Ралф Крониг бул эки маанилүүлүктү электрондун өзүнүн огунда айланышы менен түшүндүрсө болот деп болжогон, бирок тез эле олуттуу кыйынчылактарга туш болгон (эсептөөгө ылайык, электрондун бетиндеги ылдамдык жарыктын ылдамдыгынан көп болушу керек). Анан да, бул гипотезаны Паули, Хендрик Крамерс жана Вернер Гейзенбергдер терс кабыл алышкандыктан, Крониг аны жарыялабоону эп көргөн.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]