Зат атооч

Википедия дан

Зат атооч-заттын же заттык маанидеги түшүнүктөрдүн атын билдирип ,ким?эмне? деген суроолорго жооп берген сөз түркүмү .

Зат атоочтун түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сөздүк курамына карай :

жөнөкөй зат атооч-бир гана сөздөн турат.

М:нур,калем,апа,балалык

татаал зат атооч -эки же андан көп сөздөн турат .

М:ата-эне,кол кап,Ак-Сай,КР

Морфологиялык түзүлүшүнө карай :

  • тубаса зат атооч-башка сөздөн жасалбаган уңгу зат атоочтор (мектеп,алтын ,үй)
  • туунду зат атооч-уңгу сөзгө сөз жасоочу мүчөлөрдүн улануусу менен жасалгае зат атоочтор (мал+чы,аш+кана,бил+ым)

Заттардын табияты боюнча:

  • конкреттүү зат атооч-кармоого,саноого жана элестетүүгө мүмкүн болгон заттарды атаган сөздөр (гүл,чыны,адам)
  • абстракттуу зат атооч-кармоого,саноого жана элестетүүгө мүмкүн болбогон заттарды атаган сөздөр (сезим,ой,көмөк )

Заттарды атоо касиети боюнча:

  • Жалпы зат атооч-бир түрдүү заттарга жалпылана коюлган аттар .Алар айрым,жеке заттардын аттарын билгизбестен,бир өңчөй заттарды жалпы жонунан атап көрсөтөт. М:адам,чыны,бала,терек,жууркан,килем,араба,чагылган,мөндүр,өткүн,кой ж.б.
  • Энчилүү зат атооч-жеке заттардын керт башына энчиленип берилген аттар кирет .Энчилүү ат бир текке кирүүчү заттардын ичинен бирөөнүн атайын айырмалап, бөлүп атоо үчүн кызмат кылат.

М:Керим, Нарын, Чалкуйрук, Үркөр;

Энчилүү зат атоочтордун орфографиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1.Адамдардын жана жаныбарлардын энчилүү аттары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

—Адамдардын аты-жөнү баш тамга менен жазылат :Карымшаков Эрмек,Асаналиева Салкын Асаналиевна ,Брюс Ли .

—Эки же андан көп сөздөн турган адам аттары бирге жазылат :Султанмурат ,Молдакмат ,Уулбүбү ,Керимаалы ж.б.

■Эрежеден тыш учур:Жаңыл Мырза,Тоголок Молдо,Молдо Кылыч,Асан Кайгы сыяктуу элге кеңири таанымал адамдардын ылакапка айланган ысымдары ар бири баш тамга менен ,эки бөлөк жазылат .

—Адам аттарынын уулу ,кызы деген бөлүгү кичине тамга менен бөлөк жазылат:Назира Омор кызы ,Эрбол Сагындык уулу ж.б.

—Адам аттарына -лык,-изм,-чы,-чыл сыяктуу сөз жасоочу мүчөлөр уланганда ,алар жалпы атка өтүп кеткендиктен ,кичине тамга менен жазылат :Маркс+изм=марксизм,Айтматов+лык=айтматовдук окуулар ,Ленин+чыл=ленинчилдер ж.б.

—Жаныбарларга берилген энчилүү аттар баш тамга менен башталып ,эки же андан ашык сөздөн турса да ,бирге жазылат :Суречки(Сурэчки эмес),Тайбуурул,Аккула,Актөш,Бөрүбасар ж.б.

2. Эл,уруу,урук аттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

—Элдин,уруунун ,уруктун аталыштары кичине тамга менен жазылат :кыргыз,казак,өзбек,солто,бугу,союл ж.б.

—Эки сөздөн турган уруу аттары бирге жазылат :сарбагыш,элчибай,каракытай ж.б.

3.Географиялык энчилүү аттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

—Географиялык энчилүү аттар баш тамга менен жазылат :Бишкек,Алматы,Индия,Корея,Атлантида ж.б.

—Кошмок сөз тибиндеги географиялык аттар дефис аркылуу ,ар бири баш тамга менен жазылат :Чоң-Сары-Ой,Жети-Өгүз,Чатыр-Көл

—Географиялык аттардын эки сөзүнүн бири лексикалык мааниге ээ болбосо ,анда бирге жазылат :Кеңкол,Каракол,Чаткал ,Торугарт,Аламүдүн ж.б.

Бул сөздөрдүн кол,кал,гарт,мүдүн деген бөлүктөрү бүгүнкү күндө өз маанисинен ажырап калган .

—Географиялык аттарга айкашкан жалпы сөздөр кичине тамга менен жазылат : Байкал көлү,Каракол шаары ,Атлантика океаны,Чүй өрөөнү ,Сахара чөлү ж.б.

—Жер шаарындагы аймактарды билдирген сөздөрдүн ар бири баш тамга менен жазылат :Батыш Европа ,Орто Азия,Түндүк Кыргызстан,Ыраакы Чыгыш ж.б.

Бирок Кыргызстандын түштүгү ,Европанын бүтүшү ,Кореянын түштүгү дегенде ,жер аймактарын билдирүүчү сөздөр кичине тамга менен жазылат .

—Географиялык аттарга -лык мүчөсүн уланганда ,алар жалпы атка өтүп кеткендиктен ,кичине тамга менен жазылат :оштук,нарындык,ысык-көлдүк ж.б.

4.Мамлекеттердин,мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекеме,уюмдардын аталыштары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

—Мамлекеттердин аталыштарынын ар бир сөзү баш тамга менен жазылат :Америка Кошмо Штаттары ,Кыргыз Республикасы,Россия Федерациясы ,Кытай Эл Республикасы ж.б.

—Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелердин ,уюмдардын биринчи гана сөзү баш тамга менен жазылып ,калгандары кичине тамга менен жазылат : Билим берүү жана илим министирлиги,Туризм жана спорт боюнча агенттиги,Кыргыз улуттук университети ,Соода–өнөр жай палатасы,Борбордук шайлоо комиссиясы ж.б.

Эскертүү!!!Мамлекеттик эң жогорку органдардын ар бир сөзү баш тамга менен жазылат : Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши,Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

—Окуу мекемелеринин курамындагы ички бөлүмдөрдүн аталыштары кичине тамга менен жазылат :Ош мамлекеттик университетинин филология факультети ,Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин айыл чарба бөлүмү

—Эл аралык уюмдардын ар бир сөзү баш тамга менен жазылат : Бириккен Улуттар Уюму ,Эл Аралык Валюта Фонду ж.б.

5.Кызмат орундардын,наамдардын аталыштары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

—Эң жогорку кызмат наамдвры баш тамга менен жазылат .Алар саналуу гана :Кыргыз Республикасынын Президенти,Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Эскертүү!!!Кыргыз Республикасынын Баатыры деген наам да баш тамга менен жазылат .

—Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес катардагы мккемелердин жетекчилеринин наамдары кичине тамга менен жазылат :ИИМ министири,"Шоро"ишканасынын президенти ,коомдук фонддун төрагасы ,КУУнун ректору ж.б.

—Илимий жана башка мамлекеттик наамдар ,даражалар кичине тамга менен жазылат :кыргыз эл жазуучусу ,эмгек сиңирген артист,академик,профессор,мүчө-корреспондент,доцент,билим берүүнүн отличниги ж.б.

6. Даталуу күндөрдүн жана орден-медалдардын аталыштары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

—Тарыхый окуялардын ,майрамдардын аталыштарынын биринчи гана тамгасы баш тамга менен жазылат ,тырмакчага алынбайт :Нооруз майрамы,Тегеран келишими,Орозо айт марамы ж.б.

—Майрамдардын аталыштары цифраны камтыса ,цифрадан кийин дефис коюлуп,айдын аты баш тамга менен жазылат : 9-Май,8-Март .Майрам болбосо кичине тамга менен эле жазылат :22-февраль ,5-декабрь ж.б.

—Орден-медалдардын аталыштарынын биринчи гана тамгасы баш тамга менен жазылат ,тырмакчага алынбайт:Баатыр эне ордени,Даңк медалы,Манас ордени ж.б.

7.Тырмакчага алынып жазылчулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

-Завод,ишкана,театр,кафе,мейманкана,спорттук уюм,дүкөн,басма ,мекеме гүл бак,аянттардын;адабият,сүрөт ,музыка ж.б.чыгармалардын;гезит-журналдардын ,китептердин аттары тырмакчага алынып жазылат:"Ала-Тоо "аянты,"Эр Төштүк " эпосу ,"Каныкей" дүкөнү,"Дордой"ассоциациясы,"Ош" базары ж.б.

Зат атоочтун грамматикалык категориялары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Зат атооч сан,жак,жөндөмө жана таандык категориялары менен өзгөрөт .

Сан категориясы

Зат атоочтун сан категориясы заттардын сан жагынан болгон өзгөчөлүктөрүн билдирүүчү сөз өзгөртүүчү грамматикалык категория болуп эсептелет. Сан категориясы бир затты же көп затты билдиришине карай жекелик сан жана көптук сан болуп экиге бөлүнөт:

Жекелик сан бирдей, бири-бирине окшош заттардын ичинен жалгыз бир затты билдирет: мектеп, эне, балык, коён, керки, moo.

Көптүк сан заттардын сан жагынан көп экендигин (экиден кем эмес экендигин) билдирет: окуучулар, мекемелер, ишкерлер, коёндор, күрөктөр.

-лар мүчөсү көптүктү уюштуруучу мүчө

Жак категориясы

Зат атоочтун жак категориясы затты 3 жактын бирине тиешелүү кылып көрсөтөт.

Жактар Жекелик санда Көптүк санда
I жак (сүйлөөчү жак ) -мын -быз
II жак (угуучу жак )

Сылык түрү

-сың

-сыз

-сыңар

-сыздар

III жак (сүйлөшүүгө катышпаган жак ) - -

Таандык категориясы

Зат атоочтун таандык категориясы затты үч жактын бирине таандык кылып көрсөтөт .Экиге бөлүнөт : жакчыл таандык жана жак таандык

1.Жакчыл таандык мүчөлөр

Көптүк санда Жекелик санда Көптүк санда
I жак -ым

(Менин окуучум)

-ыбыз

(Биздин окуучубуз)

II жак

Сылык түрү

-ың(Сенин окуучуң)

-ыңыз(Сиздин окуучуңуз)

-ыңар Силердин окуучуңар)

-ыңыздар (Сиздердин окуучуңуздар )

III жак -ы (-сы) (Анын окуучусу ) -ы (-сы) (Алардын окуучусу )


2.Жалпы таандык мүчө - ныкы (окуучунуку,китептики )


Жөндөмө категориясы

Кыргыз тилинде 6 жөндөмө бар :

Жөндөмөлөр Суроолору Мүчөлөрү
Атооч ким? эмне? -
Илик кимдин? эмненин? -нын
Барыш кимге? эмнеге? -га
Табыш кимди? эмнени? -ны
Жатыш кимде? эмнеде? -да
Чыгыш кимден? эмнеден? -дан

Колдонулган булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз адабий тили грамматикасы .-Б.2015-жыл .
  • Абдувалиев И .Кыргыз тилинин морфологиясы .-Б.2008