Рихард Зорге

Википедия дан
Зорге Рихард‎»‎ барагынан багытталды)

Зорге Рихард (22. 9(4.10) 1895, Баку - 7. 11. 1944, Токио) - сов. аскер чалгынчысы, журналист, Советтер Союзунун Баатыры (1964, өлгөндөн кийин).

Атасы немис, энеси орус болгон. 1898-жылы Зоргенин үй-бүлөсү Россиядан Германияга кайткан. 1-дүйнөлүк согушка катышкан (1914-16). Үч жолу жарадар болуп, Темир крест менен сыйланган. 1916-жылы жарадар болуп, госпиталда жаткан кезинде солчул социалисттер менен жакындашкан. 1917-19-ж. Көз карандысыз социал-демокр. партиянын, 1919-жылдан Германия компартиясынын мүчөсү. Берлин университетин бүтүрүп (1919), ал жерде окутуучу жана журналист болуп иштеген, мамлекеттик-укук илимдеринин доктору.

Вупперталь жада Франкфурт-на Майнеде пропагандист, Золинген шаарында партиялык газетаны редакторлогон. 1924-жылы СССРге келип, сов. жарандыкты алган, мамлекеттик мекемелерде иштеген 1929-жылдан Жумушчу дыйкан Кызыл Армиясынын чалгындоо башкармалыгына кызматка өткөн.

1930-32-ж. Кытайда иштеген. 30-40-ж. Германия, Япония ж. б. өлкөлөрдө немис журналисти катары жүрүп, СССР үчүн эң баалуу маалыматтарды билдирип тургаа 1941-жылы май айыңда фашисттик Германия СССРге каршы канча дивизия даярдаганын жана кайсы күнү кол саларын, планынын схемасын билдирген. 1941-жылы 18-октябрда япония полициясы кармап, 1943-жылы сентябрда өлүм жазасына өкүм кылынган, 1944-жылы Токионун «Сугамо» түрмөсүндө асып өлтүрүлгөн. Сөөгү Токиодогу Тама мүрзөсүда коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4