Ивлин Во

Википедия дан
Ивлин Во
Туулгандагы ысымы:

Артур Ивлин Сент-Жон Во

Туулган жери:

Уэст-Хампстед, Камден, Лондон, Англия, Улуу Британия

Жарандыгы:

 Улуу Британия

Ишмердүүлүгү:

прозаик

Чыгармачылык жылдары:

1924—1965

Багыты:

сатира, юмор

Жанр:

роман, повесть, новелла, автобиография

Артур Ивлин Сент-Жон Во (англ. Arthur Evelyn St. John Waugh; 1903-жыл 28-октябрь — 1966-жыл 10-апрель) — англиялык роман, өмүр баян жана саякат китептерин жазуучу болгон. Ошондой эле ал үзүрлүү эмгектенген журналист жана китеп сынчысы болгон. Анын атактуу эмгектерине биринчи жарык көргөн "Түшүү жана уроо" (англ. Decline and Fall, 1928), "Алакандагы топурак" (англ. A Handful of Dust, 1934) аттуу сатиралык чыгармалары, "Брайдсхедге кайтуу" (англ. Brideshead Revisited, 1945) романы жана Экинчи дүйнөлүк согуш туурасындагы "Сый-урмат кылычы" (англ. Sword of Honour, 1952-1961) үчилтиги кирет. Во 20-кылымдагы англис тилинде жазган улуу проза зергерлеринин бири катары таанылат.

Басмакана ээсинин уулу болгон Во Лансиң коллежинде, андан кийин Оксфорддун Хэртфорд коллежинде билим алып, толук кандуу жазуучу болуп кеткенге чейин аз убакыт аралыгында мектеп мугалими болуп эмгектенген. Ал жаш кезинде көптөгөн мода чөйрөсүндөгү жана ак сөөк досторду таап, дачалык үй коомчулугу боюнча табитин иштеп чыккан. 1930-жылдары ал көп жерлерди кыдырган. Көбүнесе гезит кабарчысы болуп иштеп, 1935-жылы Италия басып алган убакта Абиссиниядан репортаждарды чыгарып турган. Ал Экинчи дүйнөлүк согуш (1939-1945) бүткүчө Британиянын куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн; биринчи Падышалык деңиз аскерлеринин катарында, андан кийин Падышалык атчан кайгуул кызматында жүргөн. Ал, негизинен, күлкүлүү таасир калтырыш үчүн өз тажрыйбаларынан жана өзүнүн көркөм чыгармаларында кездешкен адамдардын кеңири катмарын пайдаланып жазган көрөгөч жазуучу болгон. Во өзүнөн-өзү ушунчалык алыстай алгандыктан ал 1950-жылдардын башындагы өзүнүн акыл-эсинин начарлашын көркөмдөп жаза алган.

Биринчи никеси ийгиликсиз болуп калгандан кийин Во 1930-жылы католик динин кабыл алган. Анын салттык мамилеси чиркөөнү реформалоо боюнча бардык аракеттерге катуу каршы туруусуна алып барган. Экинчи Ватикан кеңеши тарабынан сунушталган өзгөрүүлөр (1962-1965), өзгөчө диний үгүттөөнү күнүмдүк тилге которуу демилгеси анын сезиминде дүрбөлөң салган. Диний салттуулугуна урулган бул сокку, согуштан кийинки өлкө жыргалчылыгы маданиятын жактырбашы жана ден соолугунун начарлашы өмүрүнүн акыркы жылдарын карартканы менен бирок ал жазуусун уланта берген. Коомчулук алдында Во кайдыгерликтин беткабын кийип, бирок ал өзүнүн досу деп эсептелген адамдар үчүн көп жакшылык кылууга жөндөмдүү болгон. 1966-жылы көзү өткөндөн кийин ал өз чыгармаларынын тасма жана киносериалдар версиялары, мисалы, "Брайдсхедге кайтуу" (1981) телесериалы аркылуу жаңы окурмандарды таба алган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]