Ирвин Жейкобс

Википедия дан
Ирвин Жейкобс.

Ирвин Марк Жейкобс (англ. Irwin Mark Jacobs; 1933-жылы 18-октябрь) – инженер-электрик, Qualcomm компанянын кош-негиздөөчүсү жана тунгуч төрагасы, Жейкобс ошондой эле Salk институтунун көзөмөл кеңешинин төрагасы болгон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1980-жылы Жейкобс Эндрү Витерби менен кошо жылына эки жолу ыйгарылуучу Американын аэронавтика жана астронавтика институтунун сыйлыгына ээ болгон. 1992-жылы Жейкобс Америкалык ишкерлер институтунун "Жылдын эң мыкты жогорку технологиялардын жаатындагы ишкери" сыйлыгына ээ болгон, 1993-жылдын майында Америкалык электроника ассоциациясындан "Американын келечегин түзүүдө" сыйлыгына ээ болгон.
  • CDMA байланыш технологиясын изилдегени үчүн Жейкобс 1994-жылы технология жана жаңычылдык жаатындагы Улуттук медалына ыйгарылган. Ошол эле жылы окумуштуу Корнелл университетинин "Жылдын эң мыкты ишкери" сыйлыгына ээ болгон. 1995-жылы Жейкобс телекоммуникация (баштоочулук, теория, практика жана өндүрүш) тармагына кошкон ири салымы үчүн IEEE институтунун Александр Грейам Белл медалына ыйгарылган.
  • 2009-жылы окумуштуу Илим жайылуусунун америкалык ассоциациянын илимий коомдун мүчөлүгүн алган.
  • Жейкобс Маркони сыйлыгынын сыйээси болуп 2011-жылы Маркони атындагы илимий коомдун мүчөсү болгон. Окумуштуу 2001-жылы ишкерлик биринчилиги үчүн Bower Award сыйлыгына ээ болгон.
  • Жейкобс жубайы Жоан менен бирге Сан-Диегонун мамлекеттик искусство жана билим берүү системине жардам беришет. Бул соопчулук иши үчүн окумуштууга 2004-жылы Дүйнөлүк жараны болгону үчүн Вудро Вильсон атындагы сыйлыгы сыйланган.
  • Жейкобс 2005-жылы Массачусетс техникалык институтунун бүтүрүчүүлөрүнө насыят сөзүн айткан, 2008-жылы Жейкобс атындагы инженердик мектебинин бүтүрүчүүлөрү дагы Жейкобстун насыят сөзүн уккан.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]