Итигулов, Төлөбек, музыкант

Википедия дан

Төлөбек Итигулов - кыргызстандык музыкант, аккордеончу.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Төлөбек Итигулов Байтик айылында. 07.7.2012.

Төлөбек Итигулов 1947-жылы Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Арчалуу кыштагында туулган. Айылындагы орто мектепте окуган.

Бала чагынан музыка жандуу болгонун ал "Фабула" гезитине 2011-жылдын 8-июлунда курган маегинде мындайча эскерет:

"Мектепте окуп жүргөн кезде эле ырга шыктуу болчумун. Кайсы жерден музыка уксам эле ошол жерди айланчыктап чыкпай калчумун. Ал кезде азыркыдай телевизор, компьютер деген кайда? Анда заман башка болчу да. Чанда гана жерлерде радиолор бар эле. Алар да айылдын ортосундагы жыгач карагайда илинип турчу. Аны айылдын карылары "тарелка" радио деп атап коюшчу. Күнүгө саат 13.00дө радиодон концерт берчү. Концерт башталган маалда окуп жаткан сабагымды таштап, чуркаган боюнча карагайдын түбүнө келип, концерт бүткөнчө ошол жерден бир кадам алыс жылбай отура берчүмүн".

Анын бир тууган эжесин атасы Кыргыз филармонияга жибербей койгонун Төлөбек "караңгылык" деп күйүнө эскерет:

"Биринчи комуз черткенди үйрөнгөм. Анткени атам комуз чертчү. Эми профессионал комузчу эмес эле, бирок өз деңгээлине жараша черте алчу. Атамдан байкем жана эжем үйрөнүп, эжем аябай мыкты комузчу болуп калды. Ал экөөнү ээрчип жүрүп мен дагы комузду кыңгыратканды үйрөнүп алдым. Ал кезде жер-жерлерге артисттер аябай көп концерт коюп барышчу эмес беле. Бир жолу Осмонкул, Алымкул дагы бир топ искусствонун дөө-шаалары биздин айылга гастролдоп барып калышты. Ошондо эжем аларга комуз чертип берип, алар эжемди жактырып, филармонияга алып кетебиз деп калышты. "Кой, өзү жаш кыз болсо. Артист болуп эмне кылат. Кыздын бактысы үйдө"- деп атам каршы чыгып, жөнөтпөй койгон. Анда көз караш, түшүнүк ошондой эмес беле. Ошентип, эжем сахнанын адамы болбой калган".

Бала чагынан Төлөбек айылындагы орус кишинин гармошкасын алып ойноп, аспаптар үйрөнө баштайт.

Ага мектептин директору бир жолу жапжаңы аккордеон белек кылган экен.

1963-жылы ал 16 жашар улан кезинде Кыргыз филармониясына кабыл алынган.

Бул тууралуу Төлөбек "Фабула" гезитине мындай деп айтканы бар:

"1963- жылы айылга концерт келип калды. Балдар менен концертке баргам, анан эле "Төлөбек кайда жүрөт. Ой сени артисттер чакырып жатат"- деп мени издеп калышты. Эмнеге чакырды экен деп таң калып алардын жанына бардым. Эч кимисин тааныбайм.

Арасында Илгизбек Ниязов деген артист: "Ой, бала могу аккордеонду ойноп көрчү"- деп калды. Анын аккордеону үйүмдөгү аккордеондон да чоң экен. Ойноп бердим, жакшы эле ойнодум. "Бул бала даяр турбайбы, болду алдык. Үч күндөн кийин филармонияга кел"- дешти. Филармониясы кайда экендигин билсем… окуунун мага эмне кереги бар деп, үч күндөн кийин издеп жүрүп филармонияны таап бардым.

Барсам, ыраматылык Эстекем (Эстебес Турсуналиев) тосуп алды да, дароо эле жетекчисине алып кирди. Мени жаш экен деп, директору кабыл албай койду. Сыртка чыгып бара жатсак, алдыбыздан бир киши чыгып калды. Аны көрө коюп эле Эстекем: "Ой, Акыбай, бул баланы атайын Арчалуудан алып келдим эле. Директор жаш экен деп албай жатат. Сен айтып койчу, жоопкерчилигин өзүм алам"- деп калды. Көрсө, ал Акмат Аманбаев деген композитор, көркөм кеңештин жетекчиси экен. Анан дароо эле арыз жаздырып, мени филармонияга кабыл алышты. Ошол күндөн тарта ташкындаган таланты менен элдин жүрөгүндө түбөлүккө сакталып калган айтылуу залкарлар менен таанышып, иштеп калдым".

Кыргыз филармониясында 30 жылдай иштеп, үй ала албай жүрүп, 1990-жылдардын башында ал Аламүдүн районундагы Байтик айылындагы орто мектепке которулуп кетет, мында ага кызматтык үй беришет.

Ошондон тартып ал аталган мектепте жана айылдагы клубда иштеп келет.

Музыкалык чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Төлөбек Итигулов бир катар ырларга обон жазган жана күүлөр да чыгарган.

Акккордеондон тышкары комузда мыкты ойнойт.

Кесиптештери "Төлөбек, кыргыз күүлөрүн аккордеонго салбайсыңбы", - деп суранган соң, Т.Итигулов оболу Карамолдо Орозовдун "Ибарат" деген күүсүн аккордеонго салган.

"Чогуу иштегендерге барып ойноп берсем, "Ой, сонун болуптур. Эми концерттерде ушул күү менен чыгасың"- дешип, анан концерттерге ойноп чыга баштадым" - деп эскерет Т.Итигулов.

Аккордеон ойноодон сырткары ал Асанкул Шаршенов, Келдибек Ниязов сыяктуу куудулдар менен да сатиралык чыгармаларды аткарган.

Кээде ыр да жазып жүрөт.

Атактуу устаттары, кесиптештери жана достору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Төлөбек Итигулов бир катар жылдары Эстебес Турсуналиевдин үйүндө жатып иштеген. Анын шакирти катары филармонияда кыйла жылдар таалим алган.

Бул тууралуу Төлөбек мындайча эскерет:

"Бара турган жерим жок, Эстекемдин үйүндө турам. Анын тарбиясын жакшы эле алдым. Балдарына байке болуп, бир туугандай эле жашап калдык. Эстекемдин жубайы Рая эже кең пейил, берекелүү, Эстекемдин жакшысын ашырган, түшүнүктүү аялдардан экен. Ошол үчүн Эстекем Эстебес болсо керек дейм. Ошону менен филармонияда иштеп калдым".

Кийинчерээк атактуу куудул Асанкул Шаршеновдун тобунда филармонияда иштеген.

Төлөбек Итигулов атактуу обончу Рыспай Абдыкадыровдун жан досу болгон. Ал Рыспайдын тагдырындагы бурулуш учурларда дайыма аны менен чогуу болгон.

Кыйла жылдар Төлөбек өзүнөн кичүү акын Шайлообек Дүйшеев менен да филармонияда иштешип, аны менен да дос жана сырдаш болуп келгени маалым.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]