Ито Хиробуми

Википедия дан

Ито Хиробуми - (14.10. 1841, Суо провинциясы азыркы Ямагути префектурасы), Токи кыштагы – 26. 10. 1909, Харбин) – япон мамлекеттик ишмери. Англияда деңиз окуу жайын бүтүргөн (1863). 1867-ж. өкмөттүн курамына кирип, 1878-жылдан Япониянын ички иштер министри, 1885–88-ж., 1892–96-ж., 1898–1900-ж. премьер-министри болуп иштеген. Кытай жана Россияда маанилүү элчилик расымдарды жетектеген. Өлкөнүн 1889-жылдагы конституциясынын (Мэйдзи конституциясы) автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]