Каблуков Иван Алексеевич

Википедия дан

Каблуков Иван Алексеевич (21. 8 (2. 9. 1857-5. 5. 1942) - советтик физ,- химик, СССР ИАнын ардактуу мүчөсү (1932; корр. мүчө, 1928), РСФСР- дин илимге эмгек сиңирген ишмери (1929), Москва университетинин эмгек сиңирген проф. (1910).

  • 1880-ж. Москва университетин бүтүргөн.
  • Ал химияны В. В. Марковниковдон окуган.
  • 1881-жылдан Петербург университетинде А. М. Бутлеровдун жетекчилиги менен оксиметиленди алуунун жаңы жолун изилдейт.
  • 1885-жылдан Москва университетинин приватдоценти, 1899-ж. Москва айыл чарба институтунун,
  • 1903-ж. Москва университетинин проф. болуп шайланган.

Каблуков суусуз эритмелердин электр химиясы боюнча маанилуу иштерди жүргүзгөн. Ал (В. А. Кистяковский менен бир мезгилде) илимге иондордун солъватациясы жөнүндөгү түшүнүктү киргизген. Орг. бирикмелердин изомерлик молекулаларынын жылуулук пайда кылуусу бирдей эмес экендигин 1-жолу көрсөткөн (1887).

Крымдагы Саки көлүнүн тузунан бромду алуу методун иштеп чыккан. Химиянын тарыхы боюнча да кеп иштеген. Ленин ордени жана Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.