Кавасаки

Википедия дан
Кавасаки.

КавасакиЯпониянын Канагава префектурасындагы шаар. Токио агломерациясына кирет. Хонсю аралынын борбордук бөлүгүнүн түштүк тарабында, Токио булуңунун батыш жээгинде жайгашкан. Калкы 1 459 796млн (2014). Япониядагы ири порттордун бири (жылына 91,4 млн т жүк ташылат). Кисарадзу шаарыменен «Аквалайн» транспорт курулмасы [1989-97; дүйнөдөгү эң узун суу астындагы автомобиль тоннели (узундугу 9,5 км), көпүрөсүнүн узундугу 4,4 км; суткасына 23 миңге жакын автомобиль өткөрө алат] менен байланышат.

Алгач 17-кылымдан эскерилет. Хейкендзи будда (1127; жылына 2-3 млн адам зыяратка келет), Вакамия-Хатиман синтоист храмдары, университеттер, музейлер, табигый-илимий планетарий (балдар үчүн) бар. Маанилүү өнөр-жай борбору. Нефть ажыратуу, нефть-химиялык, тамак-аш, транспорттук машина куруу (анын ичиндекеме куруунун ири борбору), электр-техникалык, электроника жана атом өнөр-жай үчүн жабдуу чыгаруучу ишканалары, болот куюучу завод иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]