Кагошима

Википедия дан

КагошимаЖапониядагы шаар. Кагошима префектурасынын административдик борбору. Кюсю аралынын түштүк жээгинде жайгашкан. Калкы 607,7 миң (2008). Эл аралык аэропорту бар. Жолдор тоому. Өлкөнүн балык кармоочу ири деңиз порту (Рюкю а. менен паром аркылуу байланышат).

Кагошима шаары

1889-жылдан шаар статусуна ээ. Цурумару сепилинин калдыктары (18-кылым), таш көпүрөлөр сакталган. Машина куруу, текстиль, химиялык, металлургия өнөр-жай ишканалары иштейт. Карапа (13-кылым), сацума фаянсы (16-кылым) жана фарфор (19-кылым) өндүрүшүнүн борбору. Университеттер, музейлер, океанариум бар. Жапон стилиндеги ландшафт паркы, ботан. бак, зоопарк уюштурулган. Кагошимадан 40 км түндүк-батышта «Сендай» АЭСи, Осуми ж. аралында Учиноура космос изилдөө борбору, шаардан 9 км чыгышта аракеттеги Сакурадзима жанартоосу (акыркы жолу 1960-ж. атылган) жайгашкан. Ысык булактар чыгат. Туризм өнүккөн.

Сакуражима вулканы..

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]