Кадуна

Википедия дан
Кадуна.

КадунаНигериянын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Кадуна штатынын административдик борбору. Кадуна дарыясынын (Нигердин куймасы) боюнда жайгашкан. Калкы 2,0 млн (2008). Эл аралык аэропорту бар.

Англичандар тарабынан 1913-ж. негизделген. Текстиль, кагаз, тамак-аш, нефть ажыратуу, машина куруу, жыгаччылык өнөр-жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (карападан буюм жасоо) өнүккөн. Нигерия улуттук көз борбору (1979), Нигерия коргоо академиясы (1964), университет, политехникалык институт, китепкана, музейлер (анын ичинде тарых жана этнография) бар. Парк зоопаркы менен уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]