Казаков Матвей Фёдорович

Википедия дан

Казаков Матвей Фёдорович (1738- 26. 10(7. И). 1812) - орус архитектору, 18-кылымда орус классицизмине негиз салгандардын бири.

Москвадагы Д. В. Ухтомскийдин архитектура мектебинде окуган (1751-60). 1763-67-ж. Тверде иштеп, шаар планын түзүүгө катышкан жана Екатерина И үчүн Жол (кербен) сарайын курган. 1768- 74-ж. В. И. Баженов менен Кремль Чоң дворецинин долбоорун түзгөн. Ошондой эле классикалык форма жана пропорциянын негиздерин өздөштүрүп, чыгармачылыгында колдонгон.

Ал курган Кремлдеги Сенат двореци (1776-87), Университет (1786-93), Голицын (1796-1801), Павлов (1802-07) ооруканалары - классикалык архитектуранын мыкты үлгүлөрү.

Казаков имараттын ички бөлүгүн да чебер кооздогон. Москвадагы Союздар үйүнүн колонналуу залы ж. б. буга мисал.

Казаков 1800-04-ж. Москванын генералдык планын түзүүгө жетекчилик кылган. Ал Москванын бүтүндөй келбетин жаңыртуу багытында иштеп, дасыккан архитекторлорду тарбиялаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.