Калгари

Википедия дан
Калгари.

КалгариКанаданын түштүк-батышындагы шаар. Альберта провинциясында. Аскалуу тоолордун этегинде, Боу дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2008, шаар айланасы менен 1,2 млн); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 4-шаар (Торонто, Монреал жана Ванкуверден кийинки). Эл аралык аэропорту бар. Калкынын 15%и Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Азиядан келгендер (анын 1/2 кытайлар). Калгари аркылуу трансканада темир жол жана автомобиль магистралы өтөт. 1875-ж. негизделе баштаган. 1884-жылдан шаар. Нефть ажыратуу, химиялык, тамак-аш өнөр-жай ишканалары иштейт. Университет (анын алдында Түндүк Америка Арктика ИИИ, технологиялык институт), коллеждер жана жогорку мектептер, музейлер (анын ичинде Гленбоу; Канададагы эң ири, сүрөт галереясы, китепкана жана архив), планетарий, Кытай маданий борбору бар. Жыл сайын эл аралык кинофестивалдар өткөрүлөт. Зоопарк уюштурулган. Кышкы спорттун дүйнөдөгү эң ири борбору. 1988-ж. 15-кышкы Олимпия оюндары, бейсболдун дүйнөлүк чемпионаттары (1992, 1996, 2005), музда көркөм тебүү (1972, 2006), коньки спорту боюнча (1990, 1992, 2006) мелдештер өткөрүлгөн. Шаарда нефть-газ компанияларынын көптөгөн кеңселери жана штаб квартиралары, Калгариден түндүк-чыгышта Королдук палеонтология (динозаврлардын дүйнөдөгү эң ири) музейи жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]