Георг Кантор

Википедия дан
Кантор Георг‎»‎ барагынан багытталды)
Георг Кантор.

Кантор Георг (немецче Georg Ferdinand Ludwig Philipp Cantor; 3. 3. 1845, Россия империясы, Санкт-Петербург шаары – 6. 1. 1918, Германия, Галле) – немец математиги. 1867-жылы Берлин университетин бүткөн. 1879–1913-жылы Галле университетинде профессор Г. Кантор чексиз көптүктөр теориясын жана трансфиниттик сандар теориясын чыгарган. 1874-жылы эквивалентсиз (б. а. түрдүү кубаттуулуктагы) чексиз көптүктөрдүн бар экенин билүү менен бардык чыныгы сандар көптүгүнүн тактыгын далилдеген, көптүк кубаттуулугунун жалпы түшүнүгүн (1878) изилдеген. 1879–84-жылдары Г. Кантор чексиздик жөнүндөгү окуусунун принциптерин сунуш кылган. Г. Кантор предел чекитинин, көптүк туундусунун түшүнүгүн киргизген, жеткилең көптүккө мисал келтирген, иррационалдуу сандар теориясын өнүктүргөн, Кантор аксиомасын айткан. Г. Кантордун идеяларына замандаштары каршы чыккан, бирок ал математиканын өнүгүшүнө зор еалым кошкон.

Эмгектери: Труды по теории множеств. М., 1985.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Math-bio-stub