Капчыгай

Википедия дан
Стрмины, Малые Карпаты.

Капчыгай – тоолордогу капталдары тик, кууш, терең өрөөн; негизинен тоолуу аймакта чулу тоо тектүү жерлерди суу жеп кетишинен пайда болот. Тереңдиги 1 кмге чейин жана андан да ашык болот. Тектониалыкык жаракалардан да жаралышы ыктымал.

Кыргызстандагы ири капчыгайлар: Боом, Көкөмерен, Төмөнкү Нарын, Карабалта ж. б. Айрым капчыгайларга ири ГЭСтер курулган; мис., Төмөнкү Нарында ж. б. Өтө кууш жана тереңдери шаңшаар деп аталат. Рельефтин мындай формаларына байланыштуу пайда болгон топонимдер Кыргызстандын аймагында арбын кездешет.

Ички Тянь-Шаньда субмеридиан багытта жайгашкан антецеденттик капчыгай. Жумгал менен Суусамыр тоолорун бөлүп турат. Суусамыр жана Жумгал өрөөндөрүн байланыштырат.

  • Узундугу 46 км, туурасы 40— 120 л (структуралык чуңкурларда 200л).
  • Капталынын бийиктиги 600—1450м, тиктиги 30—75°, кээде 80—85°. Баш жагында Сандык-Кишиней капчыгайы (капталы 40—45°) бар.
  • Бул жерге тосмо куруу долбоорлонгон. Андан ылдый кэненирээк Ой-Кайынды (он бети 38— 40°), андан кийин шагыл-корум бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

...