Каршы
Каршы | |
Qarshi | |
Өлкө |
Өзбекстан |
---|---|
Тарыхы жана Географиясы | |
Калкы | |
Калкынын саны |
▲ 197 600 (1999) |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Диний курамы |
ислам |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+5 |
Каршы (өзбекче: Qarshi) (1926–37-жылдары Бек-Буди); Өзбекстандын Кашкадарыя облусун борбору.
Кашка-Дарыянын боюнда, Карши талаасында, Кунгур-Тоо дөңсөөсүнүн этегинде жайгашкан. Калкы 254,0 миң (2008; калкынын саны боюнча вилаеттеги 2шаар). Эл аралык аэропорту бар. Жеңил (анын ичинде пахта тазалоочу, текстиль, тигүү), тамак-аш–татымал (анын ичинде май экстракты) өнөр жай, курулуш материалдар ишканалары иштейт. Педагогикалык институт, край таануу музейи бар. 14-кылымда пайда болгон. Көк-Күмбөз мечити (16-кылымдын аягы) сакталган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9