Кастри

Википедия дан
Кастри

Кастри – Сент-Люсия мамлекетинин борбору, шаар. Кастри округунун административдик борбору. Сент-Люсия аралынын түндүк-батыш бөлүгүндө, Кариб деңизинин жээгинде жабык бухтада жайгашкан. Калкы 9,9 миң (2008). Эл аралык аэропорту бар. Деңиз порту (жылына бир миң, анын ичинде круиздик кемелер тейленет). Кастри 19-кылымдын башында англичандар тарабынан негизделген. 1814-жылдан Улуу Британия ээлигинин аймагында болгон (бул мезгилде Сент-Люсия расмий түрдө Британия ээлиги деп жарыяланган). 1979-жылга чейин формалдуу түрдө гана административдик борбор деп эсептелген. 1979-жылы Сент-Люсия көз каранды эместикке ээ болгондон анын борбору. Собор (1894–1931), Ыйык Троица чиркөөсү, Вест-Индия университетинин филиалы бар. Соода кылуунун ири борбору. Айыл чарба азыктарын белендөөчү (лимон ширеси, ром, кант жана башка) жана алкоголсуз суусундуктарды чыгаруучу ишканалары иштейт. Кустардык жол менен белек-бечкектер даярдалат. Жыл сайын жаз музыкасы фестивалы өткөрүлөт. Туризм (яхтинг, виндсёрфинг жана дайвинг) өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]