Катунь

Википедия дан
Katun.jpg
Мүнөздөмө
Узундугу 688 км
бассейндин аянты 60 900 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Орусия
ОМСР 13010100312115100003045

КатуньАлтай Республикасы менен Алтай крайы аркылуу аккан дарыя. Бий суусу менен кошулуп, Обь дарыясын түзөт. Узундугу 688 км, алабынын аянты 60,9 миң км2. Белуха чокусунун Түштүк капталындагы Катунь мөңгүсүнөн башталат. Ортоңку агымында кенен өрөөн аркылуу салааланып агат; төмөн жагында салыштырмалуу кууш өрөөн аркылуу агып, айрым жерлеринин жазылыгы 4 кмге жетет; чатына 70 км жетпей түздүккө чыгат. Мөңгү жана кар сууларынан куралат. Суусунун жылдык Орточо чыгымы Сростка кыштагы тушта 629 м3/сек. Башатында декабрдан, төмөнкү агымында ноябрдын аягынан апрелдин 1-жарымына чейин муз каптайт. Ири куймалары: Аргут, Чүй (оң), Кокса, Сема (сол). Чатынан 75 км аралыкка чейин кеме каттайт. Сал агызылат. Алабынын жогорку бөлүгүндө Катунь коругу уюшулган. Өрөөнү аркылуу Чүй тракты (Бийск шаарынан Россия – Моңголия чек арасына чейин созулган автомобиль жолу) өтөт. «Катунь» топоними байыркы түрк тилинде – «дарыя» деген маанини билдирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]