Кейт Уинслет

Википедия дан

Кейт Элизабет Уинслет (англ. Kate Elizabeth Winslet; 1975-жылы 5-октябрь; Британия имериясынын ардактуу орденинин командору) – англиялык актриса жана ырчы. Уинслетт бир канча сыйлыктардын сыйээси, алардын ичинде: "Оскар", үч БАФТА, BIFA, төрт "Алтын глобус ", "Эмми", прайм-тайм "Эмми", AACTA жана үч Киносынчылардын гильдиясынын сыйлыгы. "Оскар" сыйлыгынын жалпы жети номинациясынан алтоосуна талапкер болгон эң жаш актриса Уинслет бир канча актрисалардын арасынан төрт ири америкалык сыйлыктардан (EGOT) үчөөсүнө ээ болгон. Бул сыйлыктарына кошумчалуу актриса Австралиянын тасма жана телеберүү академиясынан жана Европа киноакадемиясынан сыйлык алган, ал эми 2012-жылы ардактуу "Сезар" сыйлыгына татыган.

Беркширде чоңоюп өскөн Уинслет, кичинекей жашынан бери драма искусствосун окуп, 1991-жылы британиялык телеберүүдө өзүнүн мансабын баштаган. Уинслет тартылган эң алгачкы тасма, "Жаннат макулуктары" (англ. Heavenly Creatures, 1994) актрисага сыйлык алып келген. Уинслет эч бир заманда болуп көрбөгөн жогору кассалык чогултууларга ээ болгон "Титаник" (англ. Titanic, 1997) тасмада роль аткаруусу менен дүйнөлүк атактуулукка жеткенге чейин ал "Акылдуулук менен сезгичтик" (англ. Sense and Sensibility, 1995) тасмада аткарган экинчи пландагы ролу менен кеңири таанымал болгон. "Айрис" (англ. Iris, 2001), "Тунук акыл-эстин түбөлүк жаркырагы" (англ. Eternal Sunshine of the Spotless Mind, 2004), "Түштөр өлкөсү" (англ. Finding Neverland, 2004), "Кичинекей балдар оюндары" (англ. Little Children, 2006), "Кыялдардын аркасынан" (англ. Revolutionary Road, 2008), "Кийим тигүүчү" (англ. The Dressmaker, 2015) жана "Стив Жобс" (англ. Steve Jobs, 2015) сыяктуу тасмалардагы актрисанын роль аткаруусу киносынчылар тарабынан жогору бааланган. 2008-жылы киносынчы Дэвид Эделстейн актрисаны "англис тилиндеги тасмаларда азыркы заманда тартылган эң мыкты актриса" деп атаган.

Актриса "Окурман" (англ. The Reader, 2008) тасмада аткарган ролу үчүн "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты актриса" номинациясынын жеңүүчүсү болгон жана HBO телеканалынын "Милдред Пирс" (англ. Mildred Pierce, 2011) кичи сериалдарда аткарган ролу үчүн прайм-тайм "Эмми" сыйлыгынын "Кичи сериалдарда же тасмада тартылган эң көрүнүктүү башкы актриса" номинациясын уткан. Актриса "Титаник" тасмадан кийин тартылган финансылык жактан эң ийгиликтүү тасмалардын ичине "Тыныгуу" (англ. The Holiday, 2006), "Агызылып кетүү" (англ. Flushed Away, 2006) жана "Дивергент" (англ. The Divergent) сериалардын эки тасмасы кирет.

Тасмаларда роль аткаргандан тышкары Уинслет документалдык тасмаларды жана балдарга арналган китептерди үндөп коштогон. Актриса 2000-жылы "Аңгемечинин сөзүн тыңшап ук" (англ. Listen to the Storyteller) альбому үчүн "Грэмми" сыйлыгынын "Балдарга арналган эң мыкты альбом" номинациясынын жеңүүчүсү болгон. Ошондой эле Уинслет өзүнүн тасмаларынын саундтректеринин ырларын ырдаган, алардын ичинде "Рождестволук ыры: Тасма" (англ. Christmas Carol: The Movie, 2001) тасмасынын "Эгерде башкача болсо" (англ. "What If") сингли. Актриса мурунку күйөөлөрү режиссерлор Жим Триплтон жана Сэм Мендес менен ажырашкан, актриса бизнесчи Нед Рокнроллго күйөөгө чыгып алар учурда бирге турушат.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]