Кения (тоо массиви)

Википедия дан
Кения тоосу.

Кения (тоо массиви) - Чыгыш Африкадагы өчкөн жанар тоо массиви, Кенияда, экваторго жакын жайгашкан; бийиктиги боюнча Африкадагы 2-чоку (Батиан, 5199 м). Лава платосунан бузулган конус сымал көтөрүлүп турат; Чыгыш Африка риф зонасынан чыгышта. Ландшафттын бийиктик алкактуулугу даана байкалат: этегинен 1200 м бийикке чейин нымдуу экватордук токой (гилея); андан жогору (2000 мге чейин) мелүүн ысык климат алкагында кофе, сизаль, банан плантациялары; 3000 мге чейин нымдуу тоо токою; 4800 мге чейин экватордук бийик тоо шалбаасы; андан жогору түбөлүк кар жана мөңгү жатат. Капталдарында 15 мөңгү бар (узундугу 1,5 кмге чейин). Кениянын чокусун жана айланасын Маунт-Кения улуттук паркы ээлеп, ал Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]