Кира Найтли

Википедия дан

Кира Кристина Найтли (англ. Keira Knightley;/ ˌkɪərə naɪtli /; 1985-жылдын 26-мартында туулган) -англиялык актриса. Ал бала кезинен эле телекөрсөтүүлөргө тартылып, биринчи тасмалык дебюту 1995-жылы ачылган. Бир нече тасмаларда экинчи пландагы ролдорду жараткандан соң, "Бекхэмдей ойно" (англ. Bend It Like Beckham) тасмасындагы ролу актрисага ийгилик алып келген. Актриса "Кариб деңизинин каракчылары" (англ. Pirates of the Caribbean) деген тасмадагы Элизабет Суонндун ролу аркылуу дүйнөгө атагы чыкты. Голливуддагы эң кирешелүү актрисалардын бир катары таанылган актриса Empire сыйлыгын уткан жана "Оскар" жана "Алтын глобус" сыйлыктарына бир нече ирет талапкер болгон.

Кира Найтли "Намыс жана көмүскө ишеним" (англ. Pride & Prejudice, 2005) тарыхый тасмасындагы ролу үчүн "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты актриса" номинациясына жана "Алтын глобус" сыйлыгынын "Эң мыкты актриса" номинациясына талапкер болгон. "Күнөөлөрдөн арылуу" (англ. Atonement, 2007) тасмасындагы ролу үчүн кайрадан "Алтын глобус" сыйлыгына көрсөтүлгөн.Ошондой эле "Жибек" (англ. Silk, 2007); "Герцогиня" (англ. The Duchess, 2008); "Коркунучтуу жол" (англ. A Dangerous Method, 2011) жана "Анна Каренина" (англ. Anna Karenina, 2012) сыяктуу тасмалардагы ролдору менен көрүүчүлөрдүн эсинде калган. К. Найтли кинонун ар түрдүү жанрларында роль жараткан. Актриса "Чыныгы сүйүү" (англ. Love Actually, 2003) тасмасына тартылса, "Артур падыша" (King Arthur, 2004) тарыхый тасмасында Гвиневранын ролун ойногон. 2005-жылы "Күрмө" (англ. Jacket) тасмасыне жана "Домино" (англ. Domino) деген биографиялык экшн тасмасына тартылган. 2008-жылы актриса "Махабаттын чеги" (англ. the The Edge of Love) жана 2010-жылы "Жан сакчы"(London Boulevard деген тасмаларда ойногон. "Менден кетпе" (англ. Never Let Me Go) илимий-фантастикалуу тасмасынде 2010-жылы катышкан, ушул эле жылы "Акыркы түн" (англ. Last Night) мелодрамасында роль жараткан. Анын 2012-жылы тартылган тасмасы "Кыяматтык дос издеймин" (англ. the Seeking a Friend for the End of the World) болду.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]